www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун Элдик курултайдагы кайрылуусу тексти толугу менен: 

“Төртүнчү Элдик Курултайдын урматтуу делегаттары!

Баарыңыздар элдин чоң ишенимине жана үмүтүнө ээ болуп, кыргызстандыктардын тандоосунан өтүп келдиңиздер.

Мандатыңыздар кут болсун!

Алгач, Сиздерди делегат болуп шайланып келишиңиздер менен чын дилимден куттуктап коюуга уруксат этиңиздер.

Урматтуу делегаттар!

Алдын ала эскертип коёюн. Менин сөзүм кичине узагыраак болот. Себеби, азыр жасалып жаткан иштер жана келечекке кандай жолдор менен барабыз кеңири токтоло кетейин деп турам. Ошондуктан бир аз чыдап угуп коёсуздар.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Убакыт көрсөткөндөй, бул институт биздин саясий түзүлүштө өзгөчө орунду ээлөө менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бүгүнкүсүн жана эртеңкисин бириктирген жандуу көпүрөнүн милдетин аткаруу жолуна түштү.

Элдик Курултай – бул демократиянын өзөгү жана аянтчасы. Мына дал ушул аянтчада ар бир аймактын, ар бир тармактын, ар бир жамааттын үнү жогорку мамлекеттик бийликтегилерге жетип, бирдиктүү чечимдер кабыл алынууда.

Элдик Курултай – бул бийлик менен элдин ортосундагы ишенимдин тирөөчүнө айланып бара жаткандыгынын бирден-бир далили мамлекеттик бийлик эл менен кеңешип, алардын талаптарына көңүл буруп чечим чыгарууда. Элдик Курултай, анын делегаттары жыл өткөн сайын тажрыйба топтоп, бышып-жетилип, элибиздин нукура үнүнө айлана берет.

Кадырлуу кыргызстандыктар!

Бүгүн өлкөбүздүн учурдагы абалына объективдүү баа берип, алдыдагы багытыбызды аныктап, жакынкы жылдардагы жаңы Кыргызстанды куруунун негизги багыттарын белгилөө менен сиздерге Кайрылуу жолдойм.

Кыргызстан бүгүн мамлекеттүүлүгүнүн өзөгүн ишенимдүү бекемдеп жатат. Өлкөдөгү реформанын жүрүшүндө коомчулуктун биримдигин бекемдөө менен ачык диалогго барып, эффективдүү башкаруунун натыйжасына жетишүүдөбүз.

Ички ынтымак-биримдикке жетүү менен улуттук коопсуздукту камсыздап, элдин жашоо сапатын жакшыртууга жана экономиканын туруктуу өсүшүнө шарт түзүүгө көңүл бура алдык.

Акыркы төрт жылдыкта Кыргыз Республикасынын экономикасы мурда болуп көрбөгөндөй ылдам темп менен өсүүдө. Албетте, бул негизги тармактарды комплекстүү өнүктүрүүнүн жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун артыруунун жемиши болду.

Соңку үч жылда ИДПнын орточо өсүү темпи 9,8 пайызды түздү. Быйыл да экономикалык активдүүлүк жогору бойдон сакталды. 2025-жылдын 11 айында ИДПнын реалдуу өсүшү 10,2 пайызга жетип, эң жогорку көрсөткүчкө көтөрүлдү.

Эл аралык валюталык фонддун маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдынкы үч өлкөнүн катарына кирдик.

Бул биздин экономикалык саясатыбыздын натыйжалуулугун, улуттук стратегиянын туура экендигинин жана элибиздин тынымсыз эмгегинин айкын далили.

Эгерде 2020-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247,7 млрд сом болсо, быйылкы көрсөткүч боюнча 1 триллион 93 млрд сомдун чегине жетти.

Кыска тарыхый учур үчүн бул дээрлик төрт эселеген өсүш. Мындай динамикалык өсүш өлкөнүн каржылык негизинин бекемделип жатканын жана жүргүзүлгөн реформалардын тууралыгын көрсөтүүдө.

Дүйнөдөгү белгилүү жана алдынкы рейтингдик агенттиктер тарабынан 2025-жылы Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтинги «Б+» деңгээлине көтөрүлдү, бул мамлекетибиздин эл аралык аброюн жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жасалган чоң кадам болду.

Бардык көрсөткүчтөр Кыргызстан экономикасынын туруктуу жана сапаттуу өсүү траекториясына өткөнүн билдирүүдө. Бүгүн бизде бекем каржылык база, ырааттуу динамика жана келечекке ишеним бар.

Эми баарыбыздын жалпы милдетибиз – ушул темпти жоготпоо, жетишкен натыйжаларды бекемдөө жана экономикалык өсүштүн жемишин ар бир жаран сезе тургандай учурга жеткирүү менен, келечекке бекем пайдубал түзүү болуш керек.

2021-жылы “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы” жөнүндө Жарлыкка кол койгом. Ал программага ылайык, мамлекет алдына койгон максаттарды так аткарды. Ал тургай айрым көрсөткүчтөр боюнча пландан ашык иштер жасалды. Алсак, 2024-жылы калктын жан башына карата ИДПнын көлөмү 2 513 АКШ долларына жетти, 2024-жылы жумушсуздук 3,7 пайызга чейин төмөндөдү, 2023-жылга салыштырмалуу 2024-жылы калктын жакырчылык деңгээли 4,1 пайыздык пунктка азайды.

Өлкөдөгү жүрүп жаткан ири курулуштарга эбегейсиз чоң чыгымдар кетип жатканы баарыбызга белгилүү. Мынчалык каражаттар каяктан келүүдө деген суроолор да көп болууда.

Мен бир эле тармак боюнча кыскача маалымат бере кетейин.

“Кумтөр” кенин өзүбүздүн мамлекетке алганыбыздан бери көргөн пайдабыз тууралуу дайыма кеңири сөз болуп келе жатат. “Кумтөрдөн” быйылкы жылы эле 678 миллион доллар таза киреше көрдүк.

2020-жылга чейин 1 миллион доллар да киреше бербеген "Кыргызалтын" быйылкы жылда 200 миллион долларлык киреше берди. Мурда жылыга мамлекеттен 300 миллион сомго чейин дотация алып олтурган “Макмал” алтын кени тескерисинче быйыл 670 миллион сом таза кирешеге чыкты. "Кыргызалтындын" былтыр жаңы ачылган алтын дүкөнү бир жылда 735 миллион сом таза киреше алды.

2021-жылга чейин дайыма чыгашага иштеп келген, мамлекеттик бюджеттин мойнуна минип дотацияда отурган "Кыргызстан аба жолдору", "Кыргыз темир жолу" сыяктуу көптөгөн тармактар да кирешеге иштей башташты. Каражаттар кайсыл жактан түшүүдө деп көптөр кызыккан суроолордун жообу мына ушул тармактарда жатат.

Бүгүн өлкө тарыхынын дагы бир жаңы барагын ачып жатабыз. Жакында алдыбызга өтө дымактуу, бирок реалдуу максаттарды коюп, 2030-жылга чейин Мамлекетти өнүктүрүүнүн улуттук программасын кабыл алдык.

Аталган пограммага 5 жылда аткара турган артыкчылыктуу багыттар киргизилди. Аны менен кенен таанышуу үчүн ар бир делегатка таратылып берилди. Жай олтурганда карап чыксаңыздар болот.

2030-жылга чейинки программа төрт негизги багытты аныктайт: индустриялаштыруу, өлкөнү региондук транспорттук-логистикалык хабга айлантуу, айыл чарбасын жана туризмди өнүктүрүү жана жашыл энергетиканы жандандыруу.

Индустриялаштыруунун алкагында 2030-жылга чейин өнөр жай өндүрүшүн эки эсеге көбөйтүүнү, негизги капиталга инвестициялардын үлүшүн 50 пайызга жеткирүүнү пландоодобуз.

Региондордо индустриалдык жана технопарктык зоналар түзүлүп, ири өндүрүш объектилери курулат. Транспорттук-логистикалык хабды түзүү үчүн жаңы темир жана авто жолдорду, логистикалык борборлорду, кампа комплекстерди куруу керектелет.

Жүктөрдү ташуунун эрежелери жөнөкөйлөштүрүлүп, административдик тоскоолдуктар жоюлат. Айыл чарба жогорку технологияга жетишип, экономиканын кирешелүү секторуна айланат. Максатыбыз кайра иштетүүнү эки эсеге жогорулатуу, азык-түлүк менен өзүбүздү өзүбүз камсыз кылуу жана экспортту күчөтүү болмокчу.

Туризм эл аралык талаптарга жооп берген, заманбап, кирешелүү тармак болуп өнүгөт. Инфратүзүмдөр: мейманканалар, жолдор, аэропорттор, туристтик маршруттар жана эс алуу зоналары курулат.

Буюрса, 2030-жылга карата туризмдин ИДПдагы үлүшү 7 пайызга жетип, Кыргызстан дүйнөдөгү 50 мыкты туристтик өлкөлөрдүн катарына кирет.

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки өнүгүүнүн Улуттук программасынын негизги артыкчылыктарынын дагы бири – чакан жана орто бизнести колдоо. Анткени бул сектор экономикабыздын локомотиви катары кызмат кылып, жумуш орундарын камсыздап, коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн негизин калыптандырат.

Мамлекеттин бардык аракеттери ар бир кыргыз жараны өз жеринде урмат-сыйда жашоосуна, үй-бүлөсүнүн жанында болуусуна, сүйгөн иши менен алектенүүсүнө жана өз колу менен келечек куруусуна багытталган. Демек, биздин максатыбыз – ар бир адам эртеңки күнүнө чоң ишеним менен карап, өнүгүүгө, адал эмгектенүүгө жана татыктуу киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү.

Бүгүн чакан жана орто бизнес экономикабыздын таянычына айланды. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бул сектор олуттуу өсүштү көрсөттү. Чакан жана орто ишкердик субъектилери тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң наркынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46,4 пайызга өсүп, 641 млрд сомду түздү, анын ички дүң продукциясындагы үлүшү болсо 42,6 пайыздан 51,7 пайызга чейин жогорулады.

Чакан жана орто ишканалардын саны 12 пайызга өсүп, 20 миңге жетти. Ал эми аларда иштегендердин саны 5,3 пайызга көбөйүп, 617 миң адамды түздү. Бул сандык көрсөткүчтөр – сиздердин эмгегиңердин, демилгеңердин жана ишенимиңердин натыйжасы.

Мамлекет дайыма сиздер менен бирге болот. Биз бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды мындан ары да түзө беребиз: ишкердик жүргүзүү үчүн ачык жана ылайыктуу эрежелерди киргизүү, туруктуу финансылык колдоо; негизсиз административдик тоскоолдуктардан коргоо жана бардык жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Бардык ишкерлерди: ал жаңы ишин баштаган ишкерби же тажрыйбалуу ишкер болобу, мамлекет аны эч качан жалгыз таштабайт жана анын ийгиликтерге жетишине ишенимдүү өнөктөш болуп берет.

Урматтуу ишкерлер!

Айрымдарыңыздар азыркы убакта ашыкча текшерүүлөргө туш болуп, айрым учурларда адилетсиздикке да туш келип жатканыңыздарды билем. Алардан кабарым бар. Жаңы жылдык каникулдардан кийин баарыңарды, күч түзүмдөрү, салык түзүмдөрү менен бизнес чөйрөсүн чогултуп, ийри олтуруп түз кеңешип, чечимдерди кабыл алам деген планым бар. Бизнеске көптөгөн жеңилдиктер берилет.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Биз бүгүн маанилүү тенденцияны көрүп турабыз: негизги капиталга инвестициялар өсүүдө. Бул жаңы ишканалардын ачылышы, өнөр жайдын өнүгүшү, заманбап объектилердин курулушу жана миңдеген жумуш орундардын түзүлүшү дегенди билдирет. Барган сайын көп жарандарыбыз өндүрүшкө, кайра иштетүүгө, фермердик чарбаларга жана инновацияларга каражат салууда.

Демек, бул – мамлекетке болгон бекем ишеничтин далили.

Бүгүн Кыргызстан эл аралык бизнес үчүн барган сайын жагымдуу өлкөгө айланып баратат. Чет элдик инвестициялардын өсүшү, ири компаниялардын кызыгуусу, ресурстарыбызга, инфратүзүмдөрүбүзгө жана реформаларыбызга көңүл бурушу биздин туура жолдо бара жаткандыгыбыздын көрсөткүчү.

Инвесторлор өздөрүн мамлекет тарабынан ишенимдүү коргоодо тургандыгын сезиши үчүн бардык чараларды көрүүдөбүз. Инвестициялык процедураларды жөнөкөйлөтүп жатабыз: макулдашууларды кыскарттык, бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салдык, санариптик кызматтарды киргиздик.

Бүгүнкү Кыргызстан – иштөөгө, өндүрүүгө жана экспорттоого ыңгайлуу өлкө болуп калды десек болот. Бизге чет элдик инвесторлордун катышуусун күчөтүү, жеке капиталдын өнөр жайга, кайра иштетүүгө, энергетика долбоорлоруна, санарип технологияларга, айыл чарбасына жана логистикага агылышын кеңейтүүбүз зарыл.

Инвестициялар ар бир региондун, ар бир сектордун кыймылдаткыч күчүнө айланышы керек. Биз Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң жагымдуу инвестициялык чөлкөмдөрдүн бирине айландыруу үчүн ачык, өнөктөштүк саясатын улантабыз. Жеке жана чет элдик капитал коопсуздукта сакталган жана реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар өлкөнү курабыз.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Улуттук коопсуздук жана укуктук тартип менен камсыздоо – бул мамлекеттин, коомдун жана ар бир үй-бүлөнүн келечеги үчүн көрүлгөн камкордук. Бүгүн Кыргызстан сөз жүзүндө эмес, иш аркылуу күчтүү мамлекетке айланарын далилдеп жатабыз: коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка жана өлкөнү ичинен кемирип жеп келген бардык терс көрүнүштөргө каршы чечкиндүү жана туруктуу күрөш жүрүп жатат. Буга баарыңыздар күбөсүздөр.

Коррупция – бул мамлекеттик башкаруу институтун бузган, элдин ишенимин кыйраткан, экономиканы артка тарткан мите. Биздин максат – бул илдетти түп-тамыры менен жоюу. Башталган туруктуу, масштабдуу антикоррупциялык реформаларды бул күрөш толук жыйынтыкка жеткенче тынымсыз улантабыз. Ал эрежелер айдан ачык: уурдасаң – камаласың, мамлекеттин, элдин байлыгын талап-тоносоң, ичип-жесең – камаласың; пара берсең да, алсаң да – камаласың. Мыйзамдын алдында баары бирдей.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бул белгилүү бир кылмыш топторун жок кылуу менен чектелбейт. Биз ондогон жылдар бою криминалдык кесепеттерди күчөтүп, багып келген жашыруун механизмдерди талкалоо менен алардын башын эле эмес, тамырын да кыйып жатабыз.

Туруктуу күрөштүн аркасында улуттук коопсуздук органдары, прокуратура, ички иштер органдары соттолгон кылмышкерлер менен коррупционерлерден жүздөгөн миллиард сомду бюджетке кайтарды. Бул, албетте, мурда коррупционерлер менен криминалдардын чөнтөгүнө түшүп келген элдин акчасы, мамлекетибиздин ырыскысы.

Биз мамлекеттүүлүктү бекемдеп жатабыз. Биз тазалануу жолундабыз, бул жолдон артка кайтпайбыз. Мыйзам – таза, чынчыл адамдарга калкан, кылмышкерлерге – кылыч болгон жаңы Кыргызстанды куруп жатабыз. Мамлекеттик бийлик канчалык күчтүү болсо, эл ошончолук эркин жана мамлекетине ишенимдүү болот.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен катар эле биздин өлкө үчүн эң оор жана кыйратуучу көйгөйлөрдүн бири — бул мыйзамсыз менчиктештирүүлөр болгон.

Эгемендиктин алгачкы жылдары айрым ач көз адамдар өздөрүнүн гана пайдасын ойлоп, элге тиешелүү көптөгөн мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз түрдө менчиктештирип алышкан. Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен заводдор, фабрикалар, ишканалар, жер участоктору, имараттар жана стратегиялык объектилер – мунун баары мамлекетти эбегейсиз чоң зыянга учуратып, байыгысы келгендердин бекер олжосуна айланган.

Натыйжада өлкө өзүнүн активдеринен гана эмес, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнөн, иш орундарынан жана билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарга багыттала турган миллиарддаган кирешелеринен кол жууган.

Бүгүн ошол мүлктөрдү мамлекетке кайтарып, адилеттүүлүктү калыбына келтирүүдөбүз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, ИИМ менен прокуратура органдары жүргүзүп жаткан кеңири жана кылдат иштер үзүрүн берип жатат. Жүз миллиардаган сомдук активдер жана объектилер мамлекетке кайра кайтарылды.

Бул мүлк – жалпы элибиздин байлыгы, ошондуктан ал бир нече кызыл кулак адамдарга эмес, бүтүндөй элдин кызыкчылыгына кызмат кылууга тийиш.

Биздин бул иш-аракеттерге сын айтып, бийликти элге жаман көрсөтүүгө аракет кылгандар да чыгууда. Алар “бул ишкерликке, жеке менчик укугуна каршы келет, жеке менчик кол тийгис” деп элдин башын айландыргылары келет.

Баса белгилеп айтып коёюн, жеке менчиктин кол тийгистигине кепилдик беребиз. Мамлекет эч качан жарандардын мыйзамдуу жол менен, өз эмгеги жана жон териси менен тапкан мүлкүнө кол салбайт.

Эгер чындыкты ачык айтсак, мамлекеттик мүлктү уурдаган адамдар биздин ресурстарыбызды эле эмес, келечегибизди да уурдаган.

Мындай кылмыштарга көз жумуп коё албайбыз. Алар ар бир кыргыз жаранынын жашоосун жакшырта турган ырысыкыны жеп, мамлекетке түздөн-түз зыян келтиришкен. Мындан ары уурулук, алдоо жана кызматтык абалын кыянат пайдалануу менен байыган адамдар эми жазасыз калбайт жана андай алдым-жуттум жашоонун доору бүттү дегенди баары түшүнүшү керек.

Биз уурдалганды кайтарып эле тим болбостон, элдин мамлекетке болгон ишенимин кайтарып жатабыз. Бул – ар бир жарандын кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлүп жаткан принципиалдуу күрөш. Мыйзам жөнөкөй катардагы жарандан тартып, эң жогорку кызматтагы адамдарга чейин бирдей иштеген укуктуу өлкөнү куруудабыз.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргызстан үчүн эң оор жана көп жылдык сыноолордун бири – бул мамлекеттик чек аралардын так аныкталбай келиши эле. Чек арасы такталбаган өлкө юридикалык жактан толук калыптанбаган, өз мамлекеттүүлүгүн коргоодо алсыз өлкө болуп саналат. Мамлекеттик чек арабыздын өз учурунда толук такталбагандыгынан, узак жылдар бою элдин тынчын алган татаал мезгилдерди, ал түгүл кандуу окуяларды башыбыздан кечирдик.

Чек ара маселесинин толук чечилиши, жөн гана жетишкендик эмес, бул –өлкөнүн коопсуздугу жана толук көз карандысыздыгы үчүн кепилдик. Бул жерде мен Камчыбек Кыдыршаевич баштаган өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрүнө өзгөчө ыраазычылык билдире кетем. Чек ара маселесинин толук чечилиши менен, биз жаңы тынчтык, ынтымак жана ишеним дооруна кадам таштадык. Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен болгон чек ара көйгөйүнүн тынчтык жолу менен толук чечилиши аркылуу Кыргызстанда эле эмес, жалпы Борбор Азиядагы коопсуздук камсыздалды.

Кыргызстан мындан ары коңшулар менен достукта, өз ара сый-урматта жана тыгыз кызматташтыкта жашайт.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Ишенимдүү армиясы, таасирдүү укук коргоо органдары жана бекем тартиби жок өлкө – келечеги жок өлкө. Акыркы жылдары коргонуу секторун терең модернизацияладык.

Жүз миллиардаган каражатка заманбап техника: учкучсуз авиациялык комплекстер, байкоо жана чалгындоо каражаттары, жогорку тактыктагы коргонуу системалары, заманбап транспорттор жана байланыш жабдыктары сатып алынды.

Көп жылдардан бери биринчи жолу армиябыз XXI кылымдын талаптарына жооп берген чыныгы заманбап жабдууларга ээ болду. Бирок техника – бул иштин жарымы гана. Аскер кызматчыларын даярдоо стандарттарын жаңыладык, кызматтык тартипти чыңдадык, социалдык кепилдиктерди жакшырттык.

Бүгүн кыргыз аскери – заманбап технологияны өздөштүргөн, антына бекем, өлкөнү бардык учурда коргоого даяр жана кесипкөй адистер десек болот.

Мындан ары да армияны реформалоону улантабыз, жаштарды аскердик-мекенчилдикке тарбиялоо иштерин күчөтөбүз, өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтебиз, өлкөнүн ички жана тышкы коркунучтаруна туруштук берүүсүн чыңдайбыз.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Тартип – мамлекеттин күзгүсү. Биз алдыбызга дымактуу максаттарды койдук. Дүйнө коомчулугу Кыргызстан дегенде тартипти, мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү түшүнүүсү кажет. Укук коргоо органдары чынчылдык менен тартиптин үлгүсү болушу керек. ИИМин кызматкерлери жеке кызыкчылыкка эмес, элге кызмат кылыш керек.

Биз санариптештирүүнү, башкаруунун жаңы технологияларын, кесиптик жүрүм-турумду жана кесиптик квалификацияларды жогорулатуу иштерин улантабыз. Армия менен укук коргоо кызматкерлеринин аброюн көтөрүүгө артыкчылык берип жатабыз. Материалдык-техникалык базаны бекемдеп, эми социалдык кепилдиктерди: турак жай, медицина, үй-бүлөлөргө колдоону күчөтөбүз.

Коопсуздук кадрларын даярдоонун заманбап системасын түзөбүз: жаңы окуу борборлору, эл аралык алмашуу программалары, киберкоопсуздук, заманбап коркунучтарга каршы туруу багыттары боюнча курстар ачылат. “Коопсуз өлкө” долбоорун ишке ашырабыз.

Интеллектуалдык камераларды бүт республика боюнча: шаарларда, айылдарда, трассаларда, коомдук жайларда орнотуудабыз. Бул кылмыштуулукту кескин азайтууга, Кылмышкерлерди ыкчам табууга, жолдордогу тартипти камсыздоого жана адамдар өзүн коопсуз сезген жаңы чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет. Эгер адамдар өзүн күнүмдүк жашоодо коопсуз сезбесе, ал мамлекетке болгон ишенимин жоготот. Балдарынын келечегине, өлкөнүн туруктуулугуна, бийликтин адилеттүүлүгүнө шек келтире баштайт. Кыргызстандын ар бир жараны коркпой жашоого укуктуу жана мамлекет бул укукту сөзсүз коргойт.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн мамлекеттүүлүгүбүздүн эң маанилүү тирөөчтөрүнүн бири сот системасынын өнүгүүсүнө токтоло кетейин. Анткени өлкөнүн туруктуулугу, реформалардын сапаты жана элдин мамлекетке болгон ишеними түздөн-түз сот бийлигинен, анын ишмердүүлүгүнөн көз каранды.

Сот системасы жөн гана бийликтин бир бутагы эмес. Ал – адилеттүүлүктүн, калыстыктын соңку инстанциясы, мамлекет менен коомдун ортосундагы ишенимдин өзөгү. Сот бийлигиндеги адилетсиздик мамлекеттин алсыз, коррупциялашкан, артта калган өлкө экендигин айкын көрсөтөт. Эгер чындыкты ачык айтсак, элде соттордун ишине нааразычылыктар өтө көп болуп келген.

Негизинен алганда Сот – мыйзамдын жоокери. Ал бир эле учурда катаал да, адилет да, калыс да, ошол эле учурда адамгерчиликтүү да болушу шарт. “Сот болоттой муздак, бирок устаттардай даанышман болуш керек” деп бекеринен айтышпаса керек.

Биз сот системасын жаңылоо багытында да олуттуу иштерди жасадык. Соттордун айлыгын бир топ көтөрдүк. Мамлекет сотторго көз карандысыз болууга жана көмүскө колдоо издебеген деңгээлдеги жашоого шарт түздү.

Эми ар бир сот ушул ишенимдин баасын билиши керек. Мамлекет өз милдетин аткарып, кадамын жасады, демек, сот корпусу элдин ишенимине татыктуу экенин далилдөөгө тийиш!

Коррупцияга, жашыруун келишимдерге, басым-кысымга орун жок. Чечимин саткан сот – мыйзамды гана эмес, кесиптештеринин абийирин да тебелеп, мамлекеттүүлүккө шек келтирет.

Сот тармагында иштеген ар бир кызматкердин эсине салгым келет, адилет жана чынчыл кызмат кылгысы келбегендерди системадан эле эмес, бардык келечектүү иштерге аралашкыс кылып тазалайбыз.

Мамлекет сот бийлигин мындан ары да чыңдоого аракет жасайт. Алардын адистигин жогорулатууга, татыктуу жашоого шарт түзүүгө жана сотторду ар кандай таасирлерден коргоого алууну улантат. Ушуга байланыштуу бардык сотторго кайрылам. Ойлонуңуздар, ар бир чыгарган чечимиңиздер мыйзамга гана таянсын. Унутпаңыздар, эл баарын көрүп≤ билип турат. Эл да тыянак чыгарат. Биздин ишибиздин эң жогорку баалоочусу элдин өзү экендигин унутпайлы!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Акыркы жылдары өлкөбүздүн бардык аймактарынын жана шаарларынын социалдык-экономикалык инфратүзүмдөрүн бекемдөө боюнча мурда болуп көрбөгөндөй иштер жасалууда. Ар бир аймактын өнүгүшүнө миллиарддаган сомдор багытталып жатат. Биз жолдорду, көпүрөлөрдү, мектептерди, ооруканаларды, маданий жана спорттук объектилерди куруудабыз.

Энергетиканы, коммуналдык инфратүзүмдү өнүктүрүүдөбүз. Буга чейин мындай көлөмдөгү каржылоо тууралуу кыялдануу гана мүмкүн болсо, бүгүн өлкөнүн баардык булуң-бурчуна каражат бөлүп берип, тең салмактуу өнүгүүгө шарт түзүүдөбүз.

Ушул жерден жергиликтүү бийлик башчыларына кайрыла кетейин. Бөлүнгөн каражаттын келечегин ойлонуңуздар. Ар бир аймак жыйынтык көрсөтүүгө, өз алдынча күчтөнүүгө жана акырындап дотациядан чыгууга тийишсиңер.

Инфратүзүмгө, экономикага же социалдык долбоорлорго жумшалган ар бир тыйын элге реалдуу пайда алып келиши зарыл. “Бирөөлөргө көп, бирөөлөргө аз берилет” деген сыяктуу маалыматтар туура эмес. Бул – биздин ынтымакты бөлүп-жаргысы келгендердин ойлоп тапкандары.

Кыргызстан – бирдиктүү, бөлүнгүс өлкө. Бир аймактын ийгилиги – бүтүндөй мамлекеттин ийгилиги. Ар бир аймакка бирдей мамиленин айкын мисалы катары Эгемендик күнүн жыл сайын ар башка областтарда өткөрүү салтын келтирсем болот.

2026-жылы Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Талас облусунда белгиленгени турат. Бул – өлкөнүн бардык аймактары бирдей баалуу экендигинин белгиси. Биздин максат – акыйкат, биримдиктүү жана күчтүү мамлекетти куруу. Ар бир аймак, ар бир шаар тең укуктуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Мамлекет каржылоону улантат, бирок ошону менен бирге эле натыйжа талап кылынат. Бөлүнгөн акчаны жеп койбоңуздар.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Өлкөбүздүн бардык аймактарын бирдей өнүктүрүү боюнча жасап жаткан иштерибиз ар бир жарандын жашоосуна түздөн-түз таасир этүүдө. Айрыкча, өз турак жайына ээ болуу мүмкүнчүлүгү. 2025-жылы жарандарыбызды батир менен камсыз кылуу боюнча тарыхый жыйынтыктарга жеттик.

Мамлекеттик ипотекалык компания мурда болуп көрбөгөндөй жогорку темпти көрсөттү: ушул жылы эле 4 600 дөн ашык үй-бүлө батир алды. Бул акыркы төрт жылдагы жалпы берилген турак жайлардын жарымын түзөт. 2021-жылдан бери өлкө боюнча 9 250 үй-бүлө өз үйлөрүнө ээ болду.

“Менин үйүм” мамлекеттик программасы чыныгы элдик долбоорго айланды десек болот. 2025-жылы турак жай курулушун каржылоо көлөмү 40 миллиард сомдон ашты, бул мурунку жылдарга салыштырмалуу бир нече эсеге көп дегендик. Учурда республиканын бардык аймактарында 70 миңге жакын батирдин курулушу жүрүп жатат. Курулуштун чоң бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, ошол эле маалда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Нарын облустары да мамлекет тарабынан татыктуу колдоого алынган.

Кыргызстан – ар бир адамдын эмгеги татыктуу жашоо менен бааланган өлкө болушу керек. Мамлекет ресурстарды бөлүштүрүп гана тим болбостон, баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзгөн, ар бир үй-бүлөгө, өлкөнүн алыскы аймактарына да колу жетип турган камкор өлкө болууга тийиш.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Айыл чарба тармагы Кыргызстан үчүн жөн гана экономиканын бир көрсөткүчү эмес. Калкынын 58 пайызы айыл жергесинде жашаган өлкө үчүн – бул социалдык туруктуулуктун, улуттук азык-түлүк коопсуздугунун жана региондордун өсүшүнүн негизи. Ар бир аймактагы, ар бир айылдагы миңдеген дыйкандардын эмгеги өлкө келечегинин пайдубалын түзөт. Ошондуктан агрардык сектор – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири.

Бүгүн биз азык-түлүктүн негизги тогуз түрүнүн ичинен алтоо боюнча өлкө толук өзүн-өзү камсыздайт деп ишеним менен айта алабыз. Бул – мамлекеттин, дыйкандардын, кайра иштетүүчүлөрдүн жана кооперативдердин биргелешкен системдүү иш-аракетинин жыйынтыгы.

Жеңилдетилген насыялар аркылуу миңдеген фермерлер асыл тукум мал сатып алууга, чарбаларын жаңылоого, техникаларын модернизациялоого жана жаңы технологияларга өтүүгө мүмкүнчүлүк алышууда. Урук чарбалары, питомниктер колдоого алынып, жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк кеңейүүдө.

Ошону менен катар эле биз агроөндүрүштүк кластерлерди түзүп жатабыз. Бул – тармактын жаңы архитектурасы. Кластерлер дыйкандарды, кайра иштетүүчүлөрдү, логистиканы, сервисти жана финансы институттарын бирдиктүү система катары бириктирет.

Мындай модель эгүүдөн тартып, даяр продукцияны чыгарууга чейинки өндүрүштүн толук циклин камсыз кылат.

Кластерлердин айланасында жаңы өндүрүш чынжырлары, жаңы кайра иштетүү тармактары, кампалар, экспорттук багыттар түзүлө баштады. Бул – Кыргызстанды чийки зат эле эмес, жогорку кошумча наркы бар продукция өндүргөн өлкөгө айлантууга чоң кадам. Айрыкча кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүү темпи экономикада эң ылдам өнүгүп жаткан тармактардын бирине айланды. Бул ички рынокто көбүрөөк чийки зат кайра иштетилип, миңдеген жумуш орундары түзүлүп, региондордун экономикасы бекемделип, өсүп жатканын билдирет.

Сугат системасын жаңылоо – өзгөчө маанилүү багыт. Каналдар, насостук станциялар, гидротехникалык курулмалар салынууда жана реконструкцияланууда. Сууну жеткирүүнүн заманбап системалары киргизилип, эсепке алуу такталып жатат. Мунун баары түшүмдүүлүктү жогорулатууга, өндүрүштүн туруктуулугун камсыздоого жана чарбалардын кирешелүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт.

Миңдеген дыйкандар тамчылатып жана жаандатып сугаруу жабдууларына ээ болууда. Бул татаал жерлерде да натыйжалуу өндүрүш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Стратегиялык максатыбыз – кыргыз айылдары өзүн-өзү араң баккан аймак эмес, тескерисинче, өсүштүн, ишенимдин жана мүмкүнчүлүктөрдүн борбору болушуна жетишүү. Жаштар айылдарда айласыздыктан эмес, өз каалоосу менен жашагандай болушу кажет. Дыйканчылык аз кирешелүү жана оор шарттагы жумуш катары эмес, заманбап экономиканын бөлүгү катары кабыл алынышы шарт. Ар бир гектар жер туруктуу киреше алып келип, ар бир чарба технологияга ээ болуп, ар бир өндүрүүчү сатык базарына жол табышы зарыл. Мына ушуну ушул жерде отурган тиешелүү министрлер ишке ашырышыңар керек.

Кыргызстан – азык-түлүк коопсуздугуна ээ, кайра иштетүү тармагы өнүккөн, экологиялык таза жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны туруктуу экспорттой алган өлкө болушу керек.

Кадырлуу кыргызстандыктар!

Биз жаңы Кыргызстанды куруудабыз. Жаңы Кыргызстан күчтүү институттары бар, адилеттүү башкарууга, жоопкерчиликтүү жетекчилерге ээ жана мамлекет менен элдин терең ишенимине негизделген өлкө болот. Айтарым, ар бир мамлекеттик кызматчынын алдында жогорку милдет турат. Ага мамлекетке жөлөк жана элге үмүт болуп, чыныгы көпүрөнүн милдетин аткарып, ар бир кыргыз жаранына, ар бир үйгө мамлекеттин камкордугун, мээримин кечиктирбей жеткирип туруу вазийпасы жүктөлгөн. Мамлекеттик кызматчыларга кайрылат элем.

Мамлекеттик кызмат – бул артыкчылык же жеке пайда табуунун куралы эмес. Бул – мамлекет жана эл тарабынан берилген ыйык милдет жана ишеним. Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматчы кайдыгер, ыкшоо же жоопкерчиликсиз болууга акысы жок. Биз эми иш-аракетсиздикке, ыкшоолукка, демилгесиздикке жол бере албайбыз.

Эл тарабынан келген каттарды же кайрылууларды кийинки инстанцияларга жөнөтүү адатына көнгөн доор артта калды. Бүгүн ар бириңиздер түшүнүңүздөр, мамлекеттик кызматчы болуу эл өзү арызданып келгенге чейин эле көйгөй чыккан жерге барып, маселелерди чечүү, тиешелүү жыйынтыкка чейин алар менен аралашып жашоо, түйшүктү бирге көтөрүү дегенди билдирет.

Жарандарга камкордук көрүү – сиздердин кызматыңыздардын катардагы жана ажырагыс бөлүгү болушу кажет. Эгер өлкөнүн кайсыл бир бурчунда суу, жол, медицина, мектеп же жер маселеси жаралса, кызматчы жоопкерчиликти башка жакка жылдырбай, маселени жеринде чечүүгө милдеттүү. Арыз күтпөгүлө, бардык ишти алдын алып иштегиле.

Азыркы учур креативдүү иштөөнүн, ак ниеттен кызмат кылуунун, жоопкерчиликтин жана күчтүү мамлекеттик эркти көрсөтүүнүн убагы. Бардык жетекчилерге эскертем, бийик кызмат – биринчи кезекте чоң жоопкерчилик. Ар бир кол коюлган документ, ар бир тапшырма жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга, тартипти бекемдөөгө жана мамлекетти өнүктүрүүгө багытталышы керек.

Сиздин милдет – бул тапшырмаларды так түшүнүп, сезип, туура жүзөгө ашыруу. Жетекчилердин каталары элге өтө кымбатка турат. Ошондуктан мен ар бириңерден тартипти, терең ойлонууну, тактыкты, жети өлчөп бир кесүүнү жана толук жоопкерчиликти талап кылам.

Бардык мамлекеттик системаларды реформалоону масштабдуу жүргүзөбүз. Санариптештирүү, процесстерди оптималдаштыруу, жаңы башкаруучулук инструменттерди киргизүүдө Кыргызстанга күчтүү кадрлар абадай керек. Ошондуктан мен талантту жаштарды, ийкемдүү башкаруучуларды, IT-адистерин,аналитиктерди “мамлекеттик кызматтарга келгиле” деп чакырат элем. Бизге чыныгы татыктуулар керек, кызматтык көтөрүлүүлөр тааныш-билиштикке эмес, жөндөмүнө, эмгегине жана натыйжасына жараша болушу кажет.

Көп тил билген адистерге артыкчылык берилип, жетекчилик кызматтарга магистр деңгээлинен кем эмес билимдүүлөрдү жумушка алуу зарыл. Жаңы Кыргызстанда мамлекеттик кызматчылар элге жакын болуп, чынчыл, ачык жана берилүү менен кызмат кылышы шарт. Биз келечек урпактарыбыз мактана турган, сыймыктана турган өлкөнү курабыз.

Урматтуу мекендештер!

Мамлекетке гана эмес, ар бирибизге тиешелүү болгон маанилүү маселеге токтолуп кетүүгө уруксат этиңиздер. Сөз биздин маданиятыбыз, жүрүм-турумубуз, Ата Мекенибиздин жана бири-бирибиздин алдыбыздагы жоопкерчилигибиз жөнүндө болмокчу. “Жарандар жан дүйнөсүн өзгөртө баштаганда гана өлкө өзгөрөт” деген акыйкат сөз бар. Ар бир адам өзгөрүүнү жүрөгү менен кабыл алмайынча, эч бир мыйзам, эч бир реформа толук иштебейт. Жаңы Кыргызстанды куруу ири курулуштардан, жаңы ишканалардан эмес, жаңы баалуулуктардан, жаңы аң-сезимден жана жаңы коомдук маданияттан, жаңыча ойлоно алган адамдардан башталат.

Биринчиден, бизге ата-бабалардан калган аманатка - жаратылышка мамилебиз кандай деген суроо турат. Ата-бабаларыбыздын урпактарга калтырып кеткен ыйык мурасын келечек муундарга таза бойдон өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Бирок, тилекке каршы, көп учурда андай болбой жатат. Тоолорго, көл жээктерине эс алганы барып, таштандыларды туш келди калтырып кетип жатабыз – бул өтө уят иш! Акмактардын иши десек болот.

Улуттук ишембиликтер аймактарды тазалаганы менен, бирок аң-сезимдерибиз тазаланбай жатат. Тилекке каршы, бул терс көрүнүш кайра-кайра кайталанууда. “Тазалык – тазалангандан эмес, таштанды таштабай турган жерден башталат” – деген жакшы сөз бар. Биз өзүбүздү таза жашоого тарбиялап, жеке жоопкерчилик маданиятына калыптандырышыбыз керек. Уникалдуу жаратылышыбызга: керемет эс алуу жайларыбызга, токой, суу, тоо-ташыбызга, дегеле, табияттын баарына сый-урмат менен мамиле кылууга тийишпиз. Табиятка болгон сүйүү – бул Ата Мекенге болгон сүйүүнүн бир бөлүгү экенин ар бир ата-эне балдарына түшүндүрүшү керек жана өздөрү үлгү болушу керек. Биз Жараткан Кудай тарабынан берилген керемет жаратылышыбызды сактай жана коргой билели.

Экинчиден, аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетип баратат. Тилекке каршы, акыркы жылдары зордук-зомбулук катталган учурлар көбөйүүдө. Муну айтуунун өзү да оор, бирок бул – биздин коом үчүн кечирилгис жат көрүнүш. Анткени алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Биз буга жол бербейбиз! Мамлекет катаал чара көрөт: аялга же балага кол салган бир дагы кылмышкер жазадан кутулбайт, бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы.

Өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык берилген. Бирок мен дагы кесе айтам, коомдук маданиятты өзгөртүү зарыл! Эч бир салт, турмуш, шылтоо зомбулукту актабайт. Ар бир ата баласына аялзатын урматтоону үйрөтүүгө тийиш. Ар бир эне кызына ар-намысын коргоону, кордоолорго каршы күрөшүүнү үйрөтүшү керек. Ошондо гана ар бир аялзаты урмат-сыйга ээ болгон, ар бир бала коргоого алынган мамлекетти курабыз.

Үчүнчүдөн, мугалим менен дарыгерди урматтоо – кубаттуу өлкөнүн өзөгү. Мугалим улуттун келечегин калыптандырса, дарыгер анын ден соолугун жана өмүрүн коргойт.

Бирок бүгүнкү күндө аларга карата орой мамиле, сыйлабастык, кээде ал тургай зомбулук көрүнүштөр орун алып жатат. Бул – маданиятсыздыктын жеткен чеги.

Биз бул эки ыйык кесип ээлеринин баркын көтөрүп, баштапкы кадырын кайрып беришибиз керек. Мамлекеттик органдар, жарандык коом, ар бир үй-бүлө – бардыгыбыз мугалим менен дарыгердин аброюн көтөрүүгө милдеттүүбүз. Анткени балдарыбыздын кат-сабатын ачып, баарыбызды дарылгандарга сый-урмат болмоюнча, маданияттуу жана өнүккөн өлкө боло албайбыз. Ошол себептен 2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлыгы дагы бир ирет көтөрүлө тургандыгын баса белгилеп кетейин.

Кечээ жакында, Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев 50 пайыздан кем эмес көтөрөбүз деп жарыя кылды эле. Биз кеңешип, Өкмөттүн чама-чаркын кайрадан карап чыгып, эмгек акыга кошумча бир ставкага 15 миң сом өлчөмүндө Президенттик компенсациялык төлөм киргизүү менен эмгек акыларын орточо 100 пайызга көтөрөлү деп чечтик.

Учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом. Ал эми келе жаткан жылдын 1-апрелинен тартып, көбөйгөндөн кийин 52 миң сомдун тегерегин түзөт.

Мугалимдердин айлыгы негизинен алардын билим деңгээлине, педагогикалык иш стажына, квалификациялык категориясына, аймактын жайгашкан жерине, окуткан сабагына жана жумалык саат жүктөмүнө жараша аныкталат.

Шаар жергесиндеги орто билим берүү мектебинде педагогикалык орто билими бар бирок педагогикалык стажы жок жаңы келген мугалимдин эмгек акысы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта 36 800 сомду түзүп, салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин колуна таза 31 200 сомдун тегерегин алат.

Райондук коэффициенти 1,8 болгон, тоолуу алыскы райондо иштеп жана жашаган, 30 жылдан ашык педагогикалык иш стажы бар орто мектептин математика мугалиминин учурдагы эмгек акысы 65 800 сом, ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен тарта эмгек акысы 97 600 сомду түзөт.

Учурда дарыгерлердин орточо айлыгы 31 500 сомду түзөт, ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен тарта 62 500 сомду түзүп, колуна 50 000 миң сомдун тегерегин алат.

Шаар жергесинде тажрыйбасы жок бир ставка менен жаңы иштеп баштаган дарыгердин айлыгы учурда 16 900 сомду түзөт, ал эми көбөйгөндөн кийин 42 100 сомду түзүп, колуна 35 500 сом алат.

Алыскы тоолуу аймакта жогорку квалификациялык категориядагы жана 30 жылдык иш тажрыйбасы бар бир ставка менен эмгектенген дарыгердин айлыгы 91 700 сомду түзүп, колуна 75 700 сомдун тегерегин алат.

Учурда артисттердин орточо айлыгы болжол менен 20 700 сомду түзөт, ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен тарта болжол менен 46 500 сомду түзөт, колуна болжол менен 39 миң сом алат.

Машыктыруучунун орточо эмгек акысы көбөйгөндөн кийин 58 900 сомду түзүп, салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин колуна таза 45 миң сомдун тегерегин алат.

Ошондой эле, техникалык жана тейлөөчү персоналдын 2026-жылдын 1-апрелинен тарта көбөйтүлүүчү эмгек акысына кошумча бир ставкага 5 миң сом өлчөмүндө Президенттик компенсациялык төлөм кароо менен орточо 80%га эмгек акылары көбөйтүлөөрүн белгилейм.

Мындай кадам булардын коомдогу ордун бекемдөө жана улуттун өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз салымдарын баалоо болуп саналат.

Төртүнчүдөн, жол маданияты: биз жол кырсыктары аркылуу согуштагыдай эле жарандарыбызды жоготуп жатабыз. Ачуу чындыкты айтсам: өлкөбүздөгү жол кырсыктарынын саны мамлекеттик денгээлдеги проблемага айланды. Анын себептери белгилүү. Көптөгөн жылдар бою айдоочулук күбөлүктөр акчага сатылып келген. Бүгүн ошол коррупциялык, тааныш-билиштик каталардын кесепетин көрүүдөбүз. Мындан ары мындай болбойт. Келерки жылдан тарта айдоочуларды окутуунун жаңы стандарттары киргизилет, авто-мектептердин ишине көзөмөл күчөтүлөт, экзамендер так, катаал жана ачык болуп, күбөлүк берүү процесси толугу менен санариптик тартипте өтөт. Рулга эрежени билген, адам өмүрүнө урмат менен караган, жоопкерчилигин түшүнгөн жаран гана отурушу керек. Адамдын өмүрү – мамлекеттин эң жогорку баалуулугу. Биз аны бардык күч менен коргойбуз.

Бешинчиден, алдамчылык менен күрөшүү: Бүгүнкү күндө алдамчылык – эң кеңири тараган жана коом үчүн өтө коркунучтуу кылмыштардын бири болуп калды. Финансылык, мүлктүк, санариптик, турмуштук алдамчылыктар кадимки көрүнүшкө айланды. Анын айынан адамдар акчасын, мүлкүн, кээде өмүр бою топтогон байлыгын жоготуп жатат.

Алдамчылык үй-бүлөлөрдү бузат, мамлекетке болгон ишенимди солгундатат, коомду ууландырат. Бул жөн гана мыйзам бузуу эмес – бул адамга, анын коопсуздугуна жана бактысына каршы кылмыш. Мамлекет мындайга жол бербейт. Контролду күчөтүү, укук коргоо органдарынын ишин бекемдөө жана алдамчылыктын бардык түрлөрүнө катуу укуктук чараларды көрөт. Мамлекеттик бийлик жарандарын, алардын ишенимине кирип же оор абалдарын пайдаланып алдап, киреше тапкан кылмышкерлерден коргоого милдеттүүбүз. Мен жарандарыбызды этият болууга, шектүү сунуштарга алданбоого, жеке маалыматтарын жана каржысын бекем сактоого чакырам.

Алтынчыдан, этностор аралык сый-урматты күчөтүү жана толеранттуулук. Кыргыз эли илгертен бери меймандостугу менен атагы чыккан эл. “Конок келсе – кут келер” деген сөз бекеринен айтылган эмес. Бул – ата-бабаларыбыздан калган мурас жана бүгүнкү күндө да өз баалуулугун жоготпогон улуттук касиет. Биз көп этностуу өлкөбүз. Кыргызстан дайыма ынтымактын, ички сый-урматтын күчү менен бекем болуп келген. Бирок акыркы кезде коомдо негизсиз коркуу, башкаларды басмырлаган пикирлер пайда болуп жатканы кабатырлантат.

Айрымдар “Ата Мекенди коргоо” деген шылтоо аркылуу кыргыз жарандары менен чет элдиктердин ортосуна кастыкты козутушууда. Өзгөчө биздин өлкөгө иштөөгө же бир ири долбоорду ишке ашырууга келгендерге асылышып, жада калса аларга “басып алуу”, “таасир көрсөтүү”, “коркунуч жаратуу” деген негизсиз күнөөлөлөрдү тагууга аракеттер болууда. Мындай мамиле такыр туура эмес.

Чет өлкөдөн келгендер – бул инвесторлор, адистер, окумуштуулар, ишкерлер, туристтер, өнөктөштөр жана жумушчулар.

Алар жумуш орундарын түзүп, экономикага салым кошуп, жаңы технологияларды жана тажрыйбаларды алып келишип, биздин жарандарыбызга үйрөтүүдө. “Коркунуч” деп жалган шылтоолорду жараткан адамдар жөн гана ичи таза эмес адамдар.

Биз өзгөрүшүбүз керек. Эски жомоктордон бошонуп, дүйнө менен кеңири мамиле курууну үйрөнөлү. Жаш муунду башка улуттарды урматтаган, дүйнөгө ачык караган, мыкты тажрыйбаларды кабыл алууга даяр кылып тарбиялайлы.

Дүйнө өзгөрүүдө. Дүйнөлүк мамиле, алыш-бериш, катташуу өзгөрүүдө. Баардык өнүгүп-өскөн өлкөлөрдү карагыла. Алар ачык өлкөлөр. Өздөрүн жаап, үлүлчө өз кабыгына кирип алган өлкөлөр эч качан өсүп-өнүкпөйт. Жаңы Кыргызстан келечекте ачык өлкө болуу менен дүйнөлүк интеллектуалдык, илимий- техникалык маданияттан арттта калбай өнүккөн өлкөгө айланат.

Кымбаттуу калайык-калк!

Быйылкы жылдын башында кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты – коомдогу диний көз караштан улам, бөлүнүп-жарылуунун, жамаатташуунун алдын алуу жана диний чөйрөдө бирдиктүү борборлоштурулган институтту бекемдөө болуп саналат.

Мындан башка диний билим берүүдө да маселелер бар. Мисалы, өлкөдө 200дөн ашуун диний окуу жайлары бар болсо, анын көбүнүн сапаттары өтө төмөн, бирдиктүү стандартка жооп бербейт жана салттуу диний баалуулуктар баардыгында бирдей окутулбайт.

Ошондуктан диний окуу жайларды борборлоштуруу, бардыгына бирдей бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана салттуу исламдын сапаттуу өнүгүүсүн камсыздоо – мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болот.

Кадырман кыргыз эли!

Үй-бүлө кыргыз коомунун байыркы, бекем жана ыйык тирегинин бири болуп келген жана болуп кала берет. Чыныгы, бекем үй-бүлө таза ниеттен жана чоң жоопкерчиликтен жаралат. Дал ошол үй-бүлөдө сүйүүнүн, урматтоонун, эмгекчилдиктин жана биримдиктин алгачкы сабактарын алат. Анткени үй-бүлө улуттун мүнөзүн жана мамлекеттин күчүн калыптандырат.

Бирок бүгүн биз коомубуздун түпкү негизи үй-бүлө институтуна коркунуч келтирип, тынчсыздандырган тенденцияга туш болуудабыз.

Өткөн 2024-жылды эле алсак, Кыргызстанда 45 321 нике катталып, ошол эле кезде 13 397 үй-бүлө ажырашыптыр. 2023-жылга салыштырмалуу ажырашуулардын саны дагы 5,8%га көбөйүптүр. Эгер бул көрсөткүчтөрдү жөнөкөй турмуштук пропорцияга салсак, анда ар бир үчүнчү нике ажырашуу менен аяктоодо.

Ажырашуулардын көбөйүшү – биз үчүн чоң коңгуроо! Эгер биз бүгүн үй-бүлөнү бекемдөөгө көңүл бурбасак, эртең социалдык, экономикалык жана демографиялык оор кесепеттерге дуушар болобуз. Ошондуктан үй-бүлө институтун бекемдөө – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болушу керек.

Нике – бул чоң жоопкерчилик! Бул бири-бирин түшүнө билүү, кечире билүү жана сөзгө бекем туруу. Бул – кубанычта да, кыйынчылыкта да бирге болууну чечкен эки адамдын ыйык биригүүсү. Ооба, ар бир ажырашуунун өзүнүн чындыгы бар: экономикалык кыйынчылыктар, колдоонун жоктугу, психологиялык басым, чыр-чатактар, турмуштук көйгөйлөр ж.б. Мамлекет мунун себептерин табууга, изилдөөгө жана туура чечим кабыл алып, чара көрүүгө милдеттүү. Мен азыр тапшырмаларды берип жатам. Бул багытта катуу иштешибиз керек.

Албетте, аракеттерди жасап жатабыз. Бул маселеден улам биз дагы бир маанилүү теманы – калктын көбөйүү көрсөткүчүн да айта кетүүгө милдеттүүбүз. Өлкөнүн туруктуу өнүгүшү калктын саны жана түзүлүшү менен тыгыз байланышта. Эгер эл өспөсө – ал картаят. Эл картайса – жашоо энергиясын, экономикалык динамикасын жана мамлекет коргонуу жөндөмүн жоготот. Ошондуктан мамлекет көп балалуу үй-бүлөлөргө, айрыкча тоолуу жана катаал аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө олуттуу колдоо көрсөтүү боюнча чечимдерди кабыл алдык.

2026-жылдын 1-январынан тарта тоолуу аймактарда жашаган көп балалуу энелер төмөнкү өлчөмдө төлөм алышат: Ар бир 4-төрөлгөн балага – 100 миң сом; 5-балага – 600 миң сом; 7-балага – 1 млн сом; 8-балага – 1,2 млн сом; 9-балага – 1,5 млн сом;10 жана андан кийинки балдарга – 2 млн сом берилет. Мындай чечимдер буга чейин боло элек болчу.

Албетте, бул – чоң чыгымдар. Бирок бул – мамлекеттин келечеги талап кылган зарылчылык. Биз муну үй-бүлөлөр өзүн ишенимде сезиши, колдоого ээ болушу жана мамлекет дайыма жанында экенин билиши үчүн жасайбыз жана ишке ашырабыз! Бул жерде тоолуу аймактарды айтып жатабыз.

Ардактуу эл-журт!

2030-жылга чейин өнүгүүнүн улуттук программасында көрсөтүлгөн бийик максаттарга жетүүдө ден соолугу чың, активдүү жана эмгекке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны керек. Ал эми жашоо сапаты – ден соолуктан башталары бышык.

Алдыңкы жылдары медициналык инфратүзүмдү түп-тамырынан бери жаңылоо күтүлүүдө: аларга жаңы поликлиникалар, ФАПтар жана ооруканаларды куруу; саламаттыкты сактоо мекемелерин заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу; дарыгерлерди жана медайымдарды санариптик инструменттер менен камсыз кылуу боюнча программаларды кеңейтүү; саламаттыкты сактоонун толук кандуу электрондук тутумун түзүү кирет.

Бишкек шаарында 5 миңден ашуун орунга эсептелген заманбап медициналык шаарча куруу пландалууда. Бул өлкө тарыхындагы эң ири долбоор боло тургандыгын өзгөчө белгилеп кетким келет. Мындан тышкары, Кудай буйруса, республика боюнча кеминде 25 жаңы оорукана жана поликлиника салынат. Ош, Талас жана Манас шаарларында заманбап перинаталдык борборлор ачылат.

1000ден ашуун айылдык амбулатория жана �27 алгачкы медико-санитардык практикалык борборлор жаңы медициналык жабдуулар менен камсыздалат. Бирок инфратүзүм – өзгөрүүлөрдүн бир гана тарабы.

Биз ден соолукту сактоо маданиятын калыптандырууга багыт алабыз. Анда профилактика негизги эрежеге айланат. Дартты эрте аныктоо, эмдөө, жугуштуу ооруларга каршы күрөш, эне жана баланы коргоо боюнча программаларды дагы да күчөтөбүз.

Биз ар бир жаранды – ымыркайдан тартып карыларга чейин коргой алган, жогорку сапаттагы жашоо шартын камсыз кылган системаны түзүп жатабыз.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Улуттун ден соолугу темасын улай эле келечектин дагы бир түркүгү – билим берүү маселесине токтолоюн. Ден соолук адамды кармап турган бекем фундамент болсо, билим берүү – аны бийиктикке учура турган канат сыяктуу. Ден соолугу чың жаран – мамлекеттин күчү, ал эми билимдүү жаран – анын келечеги. Чыгыш даанышмандары: “Бир жылды ойлосоң – үрөн эк, он жылды ойлосоң – дарак отургуз, кылымды ойлосоң – адам тарбияла” деп, бекер айтышпаса керек.

Билим берүү – мамлекетти куруунун эң маанилүү негиздеринин бири жана адамдык капиталды өнүктүрүүнүн негизги элементи. Биз жаштарыбызга дүйнөлүк өнүгүүнүн артынан ээрчибестен, андан ашып кетүүгө мүмкүндүк бере турган билим беришибиз керек.

12 жылдык билим берүүгө өтүү реформасы менен катар эле билим берүү инфратүзүмүн жана материалдык-техникалык базаны ар тараптуу модернизациялоону улантабыз.

“Алтын Казык” билим берүү программасы – биздин жол көрсөтүүчү жылдызыбыз. Ал билим берүүнүн келечектеги өнүгүү багытын аныктайт. Заманбап 12 жылдык моделге өтүү, жаңыртылган окуу китептери, XXI кылымдын компетенцияларына негизделген тиешелүү программаларды ишке киргизүү – Кыргызстандын жаңы муунун дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жасалган кадамдар.

Ошентип биз билим берүү тармагында фактылардын жыйындысы эмес, ой жүгүртүү, чечүү жана түзүү жөндөмү болгон системаны түзүп жатабыз.

Инфратүзүм жаатында масштабдуу кадамдарды жасоодобуз:

53 мектеп типтүү мектептердин деңгээлине чейин модернизацияланат;

220 мектеп STEM лабораториялары жана тиешелүү жабдуулар менен жабдылат;

алыскы жана тоолуу аймактарды кошкондо бала бакчалардын 50 пайызы жогорку ылдамдыктагы интернетке туташат;

мугалимдердин кеминде 85 пайызы ноутбук жана заманбап санариптик окутуу куралдары менен камсыздалат.

Бирок билим берүү мектептер менен гана чектелбейт. Бул бирдиктүү экосистема. Биздин максатыбыз – университеттерди өлкөнүн билим экономикасына өтүүсүнө түрткү берүүчү билимдин, изилдөөлөрдүн жана инновациялардын борборлоруна айландыруу.

Жогорку окуу жайлардын алдында инновациялык хабдар, технопарктар, бизнес-инкубаторлор пайда болот. Анда жаштар стартаптарды түзүп, иштеп чыгууларды патенттеп, технологияларды киргизип, идеяларды коммерциялаштыра алышат. Натыйжада кечээги кыялдагы ойлор эртең конкреттүү түрдө ишке ашуусу керек.

Биз жогорку квалификациялуу адистерди жана жумушчу кесиптерди даярдоого өзгөчө көңүл бурабыз. Бул жерде ачык айтуу керек, Кыргызстан жумушчу күчүнүн жетишсиздиги, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндүгү жана билим берүү системасы менен экономиканын реалдуу керектөөлөрүнүн ортосундагы олуттуу ажырымга туш болууда. Ошондуктан дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү биз үчүн каалоо же эксперимент эмес. Бул – мезгилдин, эмгек рыногунун, мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыктарынан улам келип чыккан объективдүү зарылчылык. Биз бул тармакты системалуу түрдө жана кечиктирбестен бекемдешибиз зарыл.

Дуалдык модель – жаштардын билимди чыныгы эмгек менен айкалыштырууга, кесиптик чеберчиликке ээ болууга, тартипти чыңдоого, жоопкерчиликти күчөтүүгө мүмкүндүк берген билим берүү формасы.

Жаштар практикалык натыйжаны көрүп, окуу учурунда эле жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга жана келечекке ишенимдүү бара тургандай билим алууну каалашат.

Дуалдык билим берүү – аларга дал ушундай мүмкүнчүлүк берет. Студент убактысынын бир бөлүгүн өндүрүштө, сервисте, инженердик компанияда, курулуш объектилеринде же IT-долбоорлордо өткөргөндө, ал кесип жөнүндө теориялык түшүнүк эмес, чыныгы профессионалдык чеберчиликти да өздөштүрөт. Иш берүүчү кадрларды даярдоо багытына чогуу катышкан убакта, экономикага керектүү адистерди ошол жерден алууга шарт түзүлөт.

Билим аркылуу акыл-эсти жана инсанды калыптандыруу жөнүндө сөз кылгандан кийин, спорттун күчүн баалабай коюу мүмкүн эмес. Билим менен спорт бири-бирине шайкеш келип: билим акылды калыптандырса, спорт – эрк жана күч берет; экөө гармониялуу болуп, күчтүү жана өзүнө ишенген улутту түзүп, ар бир жаран өз потенциалын толук ачууга мүмкүндүк алат.

Учурда Кыргызстан спортту өнүктүрүүгө чечкиндүү кадам таштоодо. Буга баарыңыздар күбө болуп жатасыздар. Буга чейин бир заманбап стадионду куруу куру кыял сыяктуу сезилсе, азыр өлкө боюнча спорттук инфратүзүм гүлдөп жатат: жаңы стадиондор, машыгуу залдары, балдар жана жаштар үчүн спорт комплекстери, массалык спорт аянтчалары жөн гана имараттар болбостон, келечекте чемпиондор чыккан, улуттук сыймык пайда болгон аянтчалардан болот. Мындан ары да уланта беребиз.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Маданият – көмөкчү тармак эмес, ал өлкөнүн жүрөгү. Ал келечек муунга өткөрүп бере турган баалуулуктардын тутумун, Кыргызстанды дүйнө жүзү көрө турган имиджин жана өзгөрүү мезгилиндеги коомдун руханий туруктуулугун аныктайт.

Өнүккөн маданият элди ар кандай саясий ураандарга караганда күчтүүрөөк бириктире турган күчкө ээ. Бүгүнкү күндө Кыргызстан кеңири маданий жаңылануу мезгилине кадам таштоодо.

Мамлекет анын айрым элементтерине эмес, бүтүндөй маданий экосистемасына көңүл бурат. Тарыхый мурастарды сактоодон баштап, заманбап чыгармачылыкты колдоого чейин комплекстүү өнүгүү саясатын илгерилетип жатабыз. Биз театрларды, музейлерди, маданият үйлөрүн, этнографиялык борборлорду, китепканаларды калыбына келтирүү жана модернизациялоо боюнча иштерди күчөтөбүз.

Инвестициялар ар бир жаранга Баткенден Нарынга чейин искусствого, билимге жана маданий өнүгүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алышы үчүн борбордогу мекемелерге, ошондой эле региондордогу маданият объектилерине жумшалат.

Материалдык эмес мурастар – салттуу музыка, кол өнөрчүлүк, оозеки чыгармачылык жана уникалдуу улуттук нарк-салттар, өзүнчө колдоого алынуучу багыт болуп эсептелет. Булардын баары муундарды бириктирген чынжырча болуп, ким экенибизди аныктап, башка элдерден айырмалаган өзгөчөлүгүбүздү түзөт. Бирок ошол эле учурда биз жаңы нерселерге – заманбап искусствого, мультфильмдерге, медиа искусстволорго, чыгармачыл индустрияларга кенен мүмкүнчүлүк ачып жатабыз.

Маданият өткөндү сактоо менен гана чектелбестен, келечекти да тайманбастык менен калыптандырууга тийиш. Чыгармачылык энергияны өлкөнүн экономикалык потенциалына айландырып, анимацияны, музыкалык продюсерликти, адабий долбоорлорду, фестивалдарды, көргөзмөлөрдү, мода, дизайн жана архитектураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөбүз.

Кыргыз кинематографиясына өзгөчө көңүл бурабыз – ал маданий дипломатиянын күчтүү куралы болуп, өлкөнүн имиджин андан ары чыңдайт. Кыргыз киноиндустриясында чыныгы кайра жаралууга жетишүү мезгили келди. Киностудияларды модернизациялоодон жана улуттук режиссерлорду, сценаристтерди, актерлорду колдоодон баштап, жеке инвестицияларды, заманбап технологияларды жана эл аралык өнөктөштөрдү тартууга чейин сапаттуу, терең, атаандаштыкка жөндөмдүү кино тартуу үчүн толук шарттарды түзүшүбүз керек.

Биздин тасмалар дүйнөлүк фестивалдарда кайрадан жаңырып, кыргыз элинин тарыхы чоң экрандарда көргөзүлүп, өлкөбүздүн сыймыгына жана маданий булагына айланышы үчүн ата мекендик кинематографияга жаңы дем беришибиз керек.

Кино менен катар улуттук искусствонун чоң катмары да өнүгүп жатат: жаңы театр чыгармалары, заманбап живопись, документалистика, улуттук фольклор, оркестрдик аткаруу, жаштардын маданий демилгелери. Биздин максатыбыз – кыргыз искусствосу кайрадан дүйнөлүк сахналарда жана фестивалдарда татыктуу орунга ээ болууга тийиш. Биздин негизги чыгармачыл байлыгыбыз болгон жаштар өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.

Бүгүнкү күндө жаштар музыка, театр, кино, адабият, фотография, санариптик искусство, видео өндүрүш, блог жүргүзүү жаатында өз ойлорун билдирүүгө мүмкүнчүлүктөрдү издешет. Биз аларды түзүп беришибиз керек. Мамлекет алардын идеяларын, демилгелерин, чыгармачыл лабораторияларын, студияларын, сынактарын жана эл аралык программаларын колдоого алат.

Биздин максат – ар бир талантты өстүрүүгө шарт түзүү, аларды ресурстардын же инфраструктуранын жетишсиздигинен улам аксатып албоону камсыздообуз керек. Ошондой эле эл аралык маданий кызматташтыкты да бекемдейбиз. Кыргызстан цивилизациялардын дүйнөлүк диалогунун активдүү катышуучусу катары, глобалдык аянтчаларда өз маданиятын көрсөтүп, чет элдик артисттерди кабыл алып, биргелешкен долбоорлорду уюштуруп, өлкө чегинен тышкары биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздү даңазалоосу зарыл.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Мамлекет жол тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатат, жол –өлкөнүн чыныгы “кан тамыры”, ал аркылуу Кыргызстандын экономикалык энергиясы айланып турат. Бүгүнкү күндө республика боюнча масштабдуу курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Жүздөгөн жана миңдеген чакырым жолдор оңдолуп, реконструкцияланып, асфальтталып, пайдаланууга берилүүдө.

Бул иштердин көлөмү эгемендүүлүк тарыхында болуп көрбөгөндөй тездик менен өсүүдө. Автоунаа инфратүзүмү менен катар, Кыргызстандын геосаясий ролу тууралуу түшүнүктөрдү өзгөрткөн долбоорду ишке ашыруудабыз.

Учурда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун курууда масштабдуу иштер жүрүүдө. Бул жөн гана темир жол линиясы эмес – бул Евразия экономикалык картасын өзгөртүүгө жөндөмдүү артерия. Кыргызстан жакында дүйнөлүк логистикалык жана транспорттук тармактын негизги оюнчусуна айланат.

Биздин өлкө аркылуу Чыгыш Азиядан Европага чейин эң кыска маршрут аркылуу транзиттик жол өтө баштайт. Бул мегадолбоор зор мүмкүнчүлүктөрдү түзөт: транзиттик кирешелердин өсүшү; экспорттук потенциалды өнүктүрүү; логистикалык хабдардын жана индустриалдык зоналардын пайда болушу; инвестициялардын келиши; коштоочу тармактарды өнүктүрүү – курулуш, металлургия, курулуш материалдары өндүрүшү, тоо-кен өнөр жайы, мамлекеттик-сервистер. Мына ушулардын баары тездик менен ишке ашат. Кыргызстандын экономикасы үчүн стратегиялык жана узак мөөнөттүү мааниге ээ болгон “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал” жаңы темир жолун куруу, өлкөнүн транспорттук системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Бул темир жол линиясы – ири өнөр жай борборлоруна жол ачкан, өндүрүш аймактарын байланыштырган жана өлкөнүн борбордук аймактарынын жаңы экономикалык конфигурациясын түзгөн инфраструктуралык коридор болот.

Жолдун курулушу бир нече негизги маселелерди чечет: ири көмүр жана өнөр жай аймактарына түз темир жол жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат; автоунаа маршруттарына альтернатива түзүп, жолдордогу жүктү жана ташуу чыгымын азайтат; ири өндүрүштүк жана тоо-кен ишканалары үчүн логистиканы уюштурууга мүмкүндүк берет; келечектеги өнөр жай зонасы жана кайра иштетүү кубаттуулугу үчүн транспорттук негиз түзөт.

Биз жолдорду, магистралдарды жана темир жолдорду гана өнүктүрбөстөн, Кыргызстандын жаңы авиациясын түзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө биздин өлкө чоң, тарыхый секирик жасап жатат: жаңыланган мамлекеттин символдорунун бири боло турган заманбап, коопсуз жана жогорку технологиядагы авиация тутуму түзүлүүдө.

Авиация жөн гана транспорт эмес, өлкөнүн деми, ылдамдыгы жана дүйнөгө ачыктыгы катары кызмат кылат. Ал аркылуу региондор, континенттер байланышат.

Акыркы мезгилде биз авиация инфратүзүмүн өнүктүрүүгө болуп көрбөгөндөй каражатты, миллиарддаган сомду – өздүк ресурстарды жумшадык. Демек, биз авиацияны өз күчүбүз, өз эркибиз менен өнүктүрөбүз.

Ички, аймактык жана эл аралык каттамдар үчүн жаңы учактарды сатып алып, жаңы аэропортторду куруудабыз. Кыргызстан 20 жылдан бери чыга албай келе жаткан Европа биримдиктин кара тизмесинен чыгуунун чечүүчү этабына жеттик. Мындан ары биз алдыга ишенимдүү карайбыз: Кудай буюрса, Кыргызстан үчүн Европанын асманы ачылат. Бул туризм, инвестиция жана өлкөнүн эл аралык имиджи үчүн чоң ачылыш болот. Кыргызстан миллиондогон туристтерди жана мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири рыногун күтүп турган бирдиктүү авиация мейкиндигине кошулат.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Энергетика Кыргызстандагы туруктуулуктун, улуттук коопсуздуктун жана экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык негизи болуп саналат. Ар бир шаарды, районду, айылды электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо ишканалардын иштешине, жарандардын жашоо сапатына жана туруктуу экономикалык өсүш потенциалына түздөн-түз таасирин тийгизет. 50-60-70-жылдары курулган бардык гидроэлектростанциялар, анын ичинде Токтогул ГЭСи оңдолгон эмес жана 50 жылдан ашык тынымсыз иштеп келген. Биз бийликке келгенде алардын абалы өтө оор болчу.

Төрт жылдын ичинде масштабдуу модернизациялоо жүргүзүлдү: Токтогул ГЭСинде төрт агрегат жаңыланды, кубаттуулугу 240 мегаваттка өстү, 28 жаңы чакан ГЭС курулду, жалпы кубаттуулугу 400 мегаваттан ашты. Бул кадамдар жасалбаганда, өлкө электр энергиясын бүгүнкүдөн 10 эсе катуу чектөөлөрүнө туш болмок.

Жүзгө жакын жаңы ГЭСтерди куруу, иштеп жаткан станцияларды модернизациялоо, күн жана шамал энергия булактарын киргизүү энергетикалык көз карандысыздыктын бекем пайдубалын түзөт. Кара-Кечеде 1 200 мегаватт ТЭЦти, “Камбар-Ата-1” долбоорун куруу улантылууда. 1 860 МВт кубаттуулуктагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу – Кыргызстандын тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоор болуп саналат.

Бул станция ишке кирсе, биздин өлкө электр энергиясын толук кандуу экспорттоочу өлкөгө айланат. Ал өзүнүн ички керектөөсүн гана камсыз кылбастан, коңшу мамлекеттердин энергетикалык туруктуулугун да колдойт. Бул долбоор улуттук күчтүн, экономикалык көз карандысыздыктын жана Кыргызстандын стратегиялык келечегинин символу болуп саналат.

Мурдатан бери мамлекет электр энергиясын коңшу өлкөлөрдөн кымбат баада сатып алып, калкка бир топ арзан сатчу. Айырма ондогон жылдар бою топтолуп, Улуттук энергетика системасына миллиарддаган доллар карызды жараткан. Бул карыздар учурда кыскартылып, келе жаткан жылы энергетика тармагы карызсыз иштеп, андан ары өнүгүү үчүн киреше алып келүүгө жетишет.

Урматтуу кыргызстандыктар, электр энергиясы сарамжалдуу колдонууну талап кылган ресурс. Жарыкты жана приборлорду зарыл учурларда гана жандыруубуз керек, энергияны максатсыз сарптоого жол берилбеши зарыл. Ресурстарга этияттык менен мамиле кылуу ар бирибиздин жеке жоопкерчилигибиз, жалпы коопсуздукка, экономикалык өнүгүүгө жана өлкөнүн жыргалчылыгына ар бирибиздин салымыбыз. Ошондуктан сиздерден суранып кетет элем, үнөмдөп пайдаланалы.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Энергетикалык коопсуздук жана суу – биздин келечегибиздин бири-бири менен тыгыз байланышкан кош пайдубалы. Ар бир үйдү жарык менен камсыз кылган гидроэнергетика суу ресурстарынын туруктуулугуна, дарыялардын, көлдөрдүн, мөңгүлөрдүн абалына түздөн-түз көз каранды.

Демек, сууга кам көрүү – өлкөбүзгө, анын ичинде энергетикабызга, экономикабызга, улуттук коопсуздугубузга кам көрүү дегенге тете. Кыргызстан суу ресурсу боюнча эбегейсиз табигый байлыкка ээ, ошондуктан биз аны сактоого өзгөчө жоопкерчиликтүүбүз.

Бирок, глобалдык климаттын өзгөрүшү дүйнө жүзү боюнча суу ресурстарына басымды күчөтүүдө. Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 3,6 миллиарддан ашык адам суу тартыштыгына дуушар болсо, 2050-жылга карата бул көрсөткүч 5 миллиарддан ашат. Абанын табы тезирээк көтөрүлүп, жаан-чачын азайып, кургакчылык жана экстремалдык аба ырайынын көрүнүштөрү тез-тез кайталанып баратат. Глобалдык жылуулук планетада суунун айлануусуна түздөн-түз таасирин тийгизет жана бул таасир чоң державалардан баштап чакан биз окшогон тоолуу мамлекеттерге чейин бардык өлкөлөрдө сезилүүдө.

Илимий изилдөөлөргө караганда, мөңгүлөрдүн эриши тез жүрүүдө: акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарган. Бул мөңгүлөрдүн жок болушу, дарыяларга, суу сактагычтарга суунун агымынын азайышы жана энергия өндүрүү үчүн шарттардын начарлашы дегенди билдирет.

Жаратылышыбыздын бермети, өтө маанилүү экосистема болгон Ысык-Көлдүн тагдыры өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. 1854-жылдан бери көл суусунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, суунун көлөмү 85 миллиард куб метрге, ага куйган дарыялардын саны үч эседен ашык кыскарган. 1950-1960-жылдары көлгө болжол менен 100-110 дарыя агып келген болсо, азыр болгону 30-35 агын суу куят.

Бул тенденция улана берсе, аймак олуттуу экологиялык жана социалдык-экономикалык кесепеттерге дуушар болот. Өкмөт керектүү чараларды көрүп, көлгө суунун агымын көбөйтүү, анын ичинде жаңы каналдарды жана гидротехникалык курулуштарды куруу боюнча долбоорлорду ишке киргизди.

Суу маселеси – биздин азык-түлүк коопсуздугубуздун маселеси. Бүгүнкү күндө өлкөдө колдонулган суунун 95 пайызы айыл чарбасына, биринчи кезекте, сугат тармагына жумшалат. Андыктан ар бир литр сууну үнөмдүү башкаруу мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багытына айланып баратат.

Акыркы жылдары мамлекет тарабынан каналдарды калыбына келтирүүгө, гидротехникалык курулуштарды курууга, ирригациялык инфраструктураны модернизациялоого 16 миллиард сом каражат бөлүнгөн. Миңдеген километр каналдар жаңыртылды, жүздөгөн объектилер оңдолуп, сууну өлчөө жана камсыздоонун заманбап технологиялары ишке киргизиле баштады.

Сууну сарамжалдуу пайдаланууга, анын көзөмөлсүз сарпталышына жол бербөөгө, сугаруунун заманбап ыкмаларына өтүүгө, булактарды сактоого, мөңгүлөрдү коргоого, токой аянттарын көбөйтүүгө тийишпиз. Бүгүн сакталган ар бир тамчы – эртеңки күнүбүздүн туруктуулугуна кошкон салымыбыз. Мындан ары да суу ресурстарын сактоого жана тейлөөгө инвестиция салабыз. Анткени суу – Кыргызстандын стратегиялык байлыгы жана келечек муундардын бакубат жашоосунун ачкычы.

Ардактуу мекендештер!

Биз мүмкүнчүлүктөргө, чоң жетишкендиктерге, тарыхый окуяларга бай жаңы доорго кадам таштоодобуз. Биздин иденттүүлүгүбүздүн өзөгүн миңдеген жылдар бою кыргыз элин коштоп келген символдор түзөт. Ошондой символдордун бири – Ак илбирс. Ал Кыргыз Республикасынын улуттук символу болуп саналат.

Байыркы кыргыз маданиятында ак илбирс улуулукту, асылдыкты, эрдикти, кайраттуулукту, чыдамкайлыкты билдирген. Ошондуктан мен Борбор Азиянын ак илбирси болгон Кыргызстан ыкчам өнүгүп жаткан, дараметтүү мамлекет катары өткөн тарыхый тажрыйбасына таянып, келечекке тайманбастан ишенимдүү кадам таштоосу керектигин баса белгилейм.

Кыйынчылыктардан коркпогон, өз кызыкчылыгын коргогон, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, бүтүндөй аймакка үлгү болгон өлкө болууга тийиш. Келерки жылы Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу сыймыгына ээ болот. Бул эл аралык жоопкерчиликтүү иш-чараны августтун аягында Бишкекте ШКУнун саммитин өткөрөбүз. Ал жаңы, заманбап “Ырыс Ордо” конгресс-холлунда өтөт. Ага ондогон мамлекеттин башчылары, дүйнөнүн ири державаларынын лидерлери келишет. Бул бүткүл өлкө үчүн, Министрлер Кабинети үчүн, борбор калаабыз үчүн жана ар бирибиз үчүн зор сыноо болот.

Кыргызстан заманбап, уюшкан жана жоопкерчиликтүү мамлекет экенин, мындай масштабдуу эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө жөндөмдүү экенибизди көрсөтүшүбүз керек.

Келерки жылы биз мындан башка дагы бир чоң окуяны – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын күтүп жатабыз. Анын салтанаттуу ачылышы Борбор Азиядагы эң ири спорттук жай болгон “Бишкек арена” улуттук жаңы стадионунда болот.

Бул стадион жөн гана архитектуралык имарат эмес, бул биздин спорттук инфратүзүмүбүздүн кайра жаралуусунун символу, Кыргызстандын масштабдуу эл аралык мелдештерди өткөрүүгө жөндөмдүүлүгүнүн белгиси болот. Өлкөбүздүн эң ийгиликтүү этабы, өнүгүп-өскөн мезгили алдыда экендигине мен терең ишенем жана сиздерди да ишендирип кетем!

Элибизде ынтымак, биримдик болуп турса, бардык тоскоолдуктарды, эн жогорку бийиктиктерди багындырабыз. Биз биргеликте ар тараптан күчтүү, гүлдөп өсүп-өнүккөн Жаңы Кыргызстанды курабыз деген кыялыбыз алдыга жетелеп, ийгиликтерге жеткирсин!

Бар бололу – бир бололу!

Элдик Курултайдын ишине ийгилик, натыйжалуу жана конструктивдүү чечимдерди кабыл алууну каалайм! Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!”.

Последние новости