www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Каржы министрлиги жакынкы үч жылда өлкө Кытайдан насыя албай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Тажикистандын Каржы министрлигинин башчысы Файзиддин Каххорзода “Тажикстандын Кытайга ири өлчөмдө карыз болушу – аны алсыз жана бул өлкөгө көз каранды кылат” деген америкалык изилдөөчүнүн бүтүмүнө жооп кайтарды.

Министр америкалык изилдөөчүнүн бүтүмү болгону эксперттик пикир экенин белгиледи. Анын айтымында, Тажикстан Кытайдан эле эмес, Евробиримдиктен жана АКШдан да карыз ала алат.

Америкалык окумуштуу, “Кытайдын насыя дипломатиясы” консепциясынын автору Сэм Паркер эгер Тажикстан Бээжинден ири өлчөмдө насыя алууну уланта берсе, өлкөнүн жаратылыш ресурстары Кытайдын колуна өтүп кетиши ыктымал экенин эскерткен.

Соңку маалыматтарга караганда, Душанбе Бээжинге 1,1 миллиард доллар бересе, бул Тажикстандын тышкы карызынын жарымын түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости