www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 11-майынан 12-майга караган түнү тажик тарап «Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Лейлек району, Кулунду айыл аймагы» деген жазууну уурдап кетишкен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирген. Аталган жазуу кайра эле 13-май күнү орнотулганы маалым болду.
2020-жылдын 13-майында Тажикстан менен Кыргызстан тараптан жергиликтүү жарандар жана чек арачылар ушул жерде чогулуп, сөз түрүндө айтышуулар орун алган. Бирок абал азырынча туруктуу экени айтылды.
Тажикстан тарап «Google картада бул жер бизге караштуу болуп турат» деп, 500 метрдей бери өздөрүнүн жазуусун орнотууга аракет жасашкан. Биздин тарап ага уруксат бербей, жерлердин документтерин көрсөтүшкөн соң, абал турукташып, эки тарап таркап кетишти.
Булак: NazarNews.kg