www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Тажикстан Кытайдан алынган насыяларынын эсебинен башкы шаарларындагы жылуулук борборлорун модернизациялаганы буга чейин көп эле жазылды.

Бирок ал боюнча карыздан кутулуу маселеси тажиктердин кабыргасын кайыштырып койду. Тажикстандын бийлиги "Душанбе-2" ТЭЦин куруп берген Кытайга Жагорку Кумарг алтын кенин айласыздан бериптир.

Маалымат катары айта кетсек, Согда облусундагы кенди 100 мегаваттык кубаттуулуктагы жьшуулук электр борборун куруп берген ТВЕА компаниясы иштетмекчи.

ТЭЦке жалпысынан 350 миллион доллар сарпталып, анын 330 миллионун Кытай карызга берген. Эми ал карыздан кутулуу үчүн Тажикстандын өкмөтүнүн алдыңдагы Геология башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча компания ТЭЦ салынган акчаны актап алгыча алтын казып ала турган болду.

Кытай ал алтындан 330 миллион долларды чыгарып алган соң гана эки тараптуу келишим түзүлөт экен. Тажикстандагы мындай көрүнүш бизде да бар. Биздин тышкы карызыбыздын жалпы көлөмү 4,5 миллиарддан ашты. Анын жарымы дал ушул Кытайдан алынган жана бир тобу буга чейин максатсыз пайдаланып, сол чөнтөктөргө солонуп кеткен.

Булак: Фабула  

Последние новости