www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда 90-жылдардагы белгилүү дин ишмери Саид Киёмиддиндин балдарына каршы козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Озоди» радиосу тергөө иштери менен жакындан тааныш булактарына таянып билдиргенин “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” NazarNews.kg маалымат агенттигине кабарлады.

Маалыматка караганда, 44 жаштагы Саидмухаммаддын, 33 жаштагы Саидхасандын жана 25 жаштагы Саидмухаммадинин иши боюнча сот жакынкы күндөрү башталат.

22-сентябрда «Ахбор» сайты дин ишмеринин улуу баласы Саидмухаммад 25 жылга соттолгонун жазган. Бирок анын апасы Ражабгуль Мусулмонова бул маалыматты четке каккан. «Мен балдарым үчүн тергөө абагына тез-тез тамак жеткирип турам. Азырынча өкүм чыга элек, чыкса мен укмакмын», — деген ал.

Белгилүү дин ишмеринин балдары 17-19-июль күндөрү кармалган. «Озоди» радиосунун маалыматына караганда, Саидмухаммад мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталууда. Булактын айтымында, ал тажикстандык эки студентке Ирандын визасын алууга жардам берген. Саидхасан менен Саидмухаммади экстремизмге шек саналып кармалган.

2017-жылы ноябрда Сайид Киёмиддин Гози Санкт-Петербургда Тажикстан менен Орусиянын атайын кызмат өкүлдөрү тарабынан уурдалып, Хожент шаарына жеткирилген. Анын соту жабык өтүп, 2018-жылы майда 25 жылга эркинен ажыратылган. Ал «Улут, раса жана дин аралык кастыкты козутуу», «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» жана «Коституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырык кылуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийинчерээк анын камактагы мөөнөтү 18 жылга кыскартылып, бирок 2019-жылы майда Вахдат абагындагы тополоң маалында өлтүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости