www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Душанбедеги "Ибн Сино" тажик-иран клиникасынын директору, "Хаводиси рузгори ман" ("Жашоомдогу окуялар") китебинин автору Абдухалил Холикзоданын соту тергөө абагында өтүп жатат. Бийлик муну Жогорку соттун имаратында "ыңгайлуу сот залынын" жоктугу менен түшүндүрдү.

Бул тууралуу 15-февралда Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён "Озоди" радиосунун журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Бул иш "Тажик Эйр" авиакомпаниясынын мурдагы директорунун иши сыяктуу жашыруун эмес, эч кандай мамлекеттик сыр жок жана сот ачык өтүп жатат", - деди ал.

Шохиёндун айтымында, СИЗО жабык мекеме болгондуктан, жыйынга баары эле катыша албайт.

Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы "Хаводиси Рузгори Ман" китебинин авторлорунун иши боюнча соттук териштирүү аяктаганын жана жакынкы күндөрү сот өкүмү чыгарын кошумчалады.

Медицина тармагындагы белгилүү ишкер жана эл аралык "Ибн Сино" тажик-иран клиникасынын ээси Абдухалил Холикзода былтыр августтун башында кармалган. 31-августта анын "Жашоомдогу окуялар" китебин редакциялаган жазуучу Абдукодир Рустам да камакка алынган. Ал аталган клиникада бөлүм башчы болуп иштечү.

Холикзода да, Рустам да "Улут, аймак жана дин аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча тагылган айыптарды четке кагууда.

2023-жылы мартта басылып чыгып, кийин фарси тилинде Ирандагы китеп жарманкесине коюлган "Жашоомдогу окуялар" деген китеп июль айында социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан. Автор бул китебинде өлкөдөгү бизнес климаттын абалына, коррупцияга, маданият жана билим деңгээлинин төмөндөшүнө тынчсыздануусун билдирип, булар үчүн бийликти айыптаган. Китеп Тажикстандагы бардык дүкөндөрдөн сатыктан алынып, аны басып чыгарууга тиешеси бар бир нече адам сурак берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости