www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-жылы чыгарылган 20, 50, 100 сомдук жаңы банкноттор 15-февралдан тартып жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
"Банкноттордун көрүнүшү негизинен өзгөрүүсүз калды, басым акчаны коргоочу элементтердин күчөтүлүшүнө жасалган. Үч деңгээлдүү коргоо комплекси жасалма акча чыгаруудан коргойт", - деп билдирди башкы банк.
Жаңы банкноттор менен катар эле 20, 50, 100 сомдук эски банкноттор да жүгүртүүдө кала берет.
Кыргызстан улуттук валютасын - сомду 1993-жылы киргизген. Андан бери номиналдык банкноттор коргоо системасына байланыштуу бир нече жолу өзгөртүлгөн. Инфляциянын деңгээлине жараша 500, 1000, 5000 сомдук банкноттор киргизилген. Кийинчерээк 2000 сомдук номиналдагы банкнот саналуу эсепте чыгарылган.
Былтыр 10-майдан тарта Кыргызстандын улуттук валютасынын 30 жылдыгына карата 200, 500 жана 1000 сомдук улуттук валютанын жаңы үлгүлөрү чыгарылып, жүгүртүүгө киргизилген.
Учурда Кыргызстанда төрт монета жана сегиз кагаз түрүндө чыгарылган банкноттор жүгүртүүдө жүрөт.
Булак: NazarNews.kg