www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Хорог шаарында жергиликтүү эки футболдук команданын күйөрмандарынын ортосунда жапырт мушташ чыкты. Бул тууралуу Asia-Plus жазды.
Маалыматка караганда, Окуя 19-сентябрда «Гулакен» жана «Жогорку Хорог» командалары ойноп жаткан №2 мектептин футбол аянтында болду.
Өлкөнүн Ички иштер министрлиги тараптар бири-бирине таш ыргытышканын, жыйынтыгында 21 киши жаракат алганын билдирди. Мындан тышкары мектептин жана жакын жайгашкан үйлөрдүн терезелери, алты автоунаанын айнектери талкаланган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, мушташты баштагандар изделүүдө.
Ал эми №2 мектептин директору Гулруз Наврузовдун айтымында, мушташ «Гулакен» командасы «Жогорку Хорогду» 2:1 эсебинде жеңип алгандан кийин башталган. «Күйөрмандар бири-бирине жана жакын жайгашкан имараттарга таш ыргыта башташты. Алар кыйкырып, уят сөздөрдү айтып, терезедерди талкалашты. Мунун баары 10-15 мүнөткө созулду. Андан кийин алар көчөгө чыгып, жапырт мушташ башталды. Азыр жергиликтүү бийлик мектепке келтирилген чыгымды эсептеп жатышат», — деди Наврузов.
Булак: NazarNews.kg