www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда каза болгон бейтаптын сөөгү атайын коргоочу костюмдарды кийген адамдар тарабынан көмүлдү. Бул тууралуу Тажикстандын Борбордук Азия телеканалы (CATV) билдирди.

«Бизге бул видеону жиберишти. Анда тез жардам кызматы менен медицина кызматкерлери маркумдун сөөгүн алып келип, алдын ала даярдалган мүрзөгө дароо коюшканын көрүүгө болот. Биздин иликтөөлөр көрсөткөндөй, каза болгон адам — Турсунзаде шаарынын 1989-жылы туулган Акрамов Хайдар Сухробович аттуу тургуну. Акрамов 28-апрелде алюминий эритүүчү заводдун жанындагы көрүстөнгө коюлду.

Күбөлөрдүн бири «CATV» телеканалына берген маалыматы боюнча, Акрамов Хайдар 10 күн мурун Дүйшөмбү шаарынан дене табы көтөрүлүп келип, Турсунзаде шаарындагы Караболо ооруканасында эки күн дарыланып, ошол жерде көз жумган», - деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Тажикстанда коронавирус инфекциясы катталган эмес. Айрым маалыматтар боюнча, апрелде эле өлкөдө 50дөн ашык адам пневмониядан көз жумду.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости