www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр алдыдагы президенттик шайлоодон кийин жашоо оңолот деп үтүттөнүп жатышат.

84 жаштагы Лолахон Бобоев болочоктогу президент жакыр үй-бүлөлөрдүн маселелерин чечиши керек деп эсептейт. Ал шайлоого анча деле кызыкпаганын, бирок президент калктын аярлуу катмарына өзгөчө көңүл бурушу керектигин белгиледи. «Мен өмүр бою батирде жашам келдим, азыр да жатаканада турам. Болочоктогу президент жакырлардын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, бизге окшогондорду үй менен камсыз кылса жакшы болмок», — деди ал.

Тажикстандагы буга чейинки үч президенттик шайлоону чагылдырган журналисттердин бири жакынкы жылдары калктын көйгөйлөрү чечилбейт деп эсептейт. «Шайлоонун жыйынтыгы азыр эле белгилүү. Президент буга чейинки 28 жылдын ичинде коомдогу көйгөйлөрдү чечкен эмес, андыктан жакынкы жети жылдын ичинде да эч нерсе өзгөрбөйт. Балким мамлекеттик программалардын алкагында тигил же бул жардам көбөйүшү мүмкүн, бирок жалпы абал өзгөрбөйт», — деди ал.

Расмий маалыматтар боюнча, Тажикстанда 182 миң аз камсыз болгон үй-бүлө бар. Бирок коронавирус пандемиясынан улам Тажикстан менен Орусияда жумуш орундары азайгандыктан, алардын саны кыйла көбөйдү.

Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстанда ишке жарамдуу калктын саны 2,5 миллионго жетет. Алардын ичинен 50 миңи жумушсуз катары каттоого турушкан.

Калкты жумуш менен камсыз кылуу, жакырчылыкты азайтуу жана кадрдык дайындоолорду ачык кылуу — Тажикстан эгемендикке ээ болгон 29 жылдан бери чечилбей келген негизги маселелер болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости