www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда ооз аркылуу ашказанга уникалдуу операция жасалды 

 

Республикалык жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борборунда өлкө тарыхында алгач ирет эндоскопиялык цистогастростомия операциясы ийгиликтүү жүргүзүлдү. Бул ыкманын өзгөчөлүгү сырттан эч кандай кесүү жасалбайт. 22 жаштагы уйку безинин кистасы бар бейтапка операция ооз аркылуу, курсак көңдөйүн ачпай жасалды.

Операцияны диагностика жана дарылоо бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Сорбон Мусоев жүргүздү. Бейтапта көлөмү 17×9 см болгон чоң киста аныкталган. Ал ашказанды кысып, тамак сиңирүүгө тоскоол болуп, ооруну жана жүрөк айланууну жараткан.

Процедура учурунда дарыгерлер ашказандын арткы дубалы аркылуу пункция жасап, диаметри 10 Fr болгон атайын пластикалык стент орнотушкан. Бул стент кистадагы суюктукту түздөн-түз ашказан көңдөйүнө агызууга мүмкүндүк берген.

Операциянын жыйынтыгы таасирдүү болго. Бир суткадан кийин жүргүзүлгөн көзөмөл УЗИ кистанын көлөмү 4 смге чейин кичирейгенин көрсөткөн. Ыкманын аз травмалуулугунун аркасында бейтап операциядан кийин 24 саат өтпөй эле үйүнө чыгарылган.

Последние новости