www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке беш талапкерди каттады. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү ЖМКлары жазып чыкты.

Маалыматка караганда,  президенттикке Агрардык партия Рустам Латифзоданы, Социалисттик партия Абдухалим Гаффорзоданы, бийликтеги Элдик-демократиялык партия, Эркин кесиптик кошуундар менен Жаштар биримдиги азыркы президент Эмомали Рахмонду, Экономикалык реформалар партиясы Рустам Рахматзоданы жана Коммунисттик партия Мирож Абдуллоевди көрсөттү.

Ал эми өзүн өзү көрсөткөн жалгыз талапкер Фаромуз Иргашев боюнча кандай чечим чыгары азырынча белгисиз.

Эске салсак, Тажик оппозициясы бул шайооого катышуудан баш тарткан.

Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт жана бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болуп калат. Бул шайлоолордун баарында азыркы президент Эмомали Рахмон жеңген. Ал өлкөнү соңку 28 жылдан бери башкарып жатат.

Белгилей кетсек, Тажикстанда президент жети жылга шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости