www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-сентябрда Тажикстандын Улуттук банкы 1000 рублди 131,1 сомониге баалады. Бул бир жума мурдагыга караганда 7-8 сомониге төмөн. Банктар 1000 рублди 129-131 сомониге алмаштырышууда.

Бул арада тажикстандыктар пандемия маалында Россияда иштеген жакындарынан акча которуу азайганын да бышыкташууда.

Ошондой эле Тажикстандын Улуттук банкы Россияда рублдин курсу АКШ долларына карата төмөндөп кеткенин, буга байланыштуу Россиянын улуттук валютасы Тажикстанда да арзандаганын билдирди.

Белгилей кетсек, былтыр эмгек мигранттары Россиядан Тажикстанга 2,7 млрд доллар которушкан.

Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде акча которуу 359 млн долларды түзүп, бул өткөн жылдын ушул маалына караганда 103 млн долларга аз болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости