www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лондондо Гарри Поттердин айкели тургузулду

Лондондогу Лестер-сквер аянтына Гарри Поттердин айкели тургузулду.

Шыпыргы менен учуп бараткан сыйкырчынын айкели колодон жасалган. Ал кинодогу Гарринин образын жараткан Дэниел Рэдклиффке окшош. Айкелдеги сыйкырчыга квиддич оюнунун кийими кийгизилген жана «Нимбус-2000» шыпыргысына отургузулган.

Эске сала кетсек,Лестер-сквер аянты «Одеон» кинотеатрынын жанында жайгашкан. 2001-жылы дал ушул аянтта «Гарри Поттер» тасмасынын премьерасы өткөн.

Белгилей кетсек, Гарри Поттер жөнүндө жети томдон турган китеп 1997-жылдан 2007-жылга чейин басылып чыккан. 450 млн нуска китеп басылып чыгып, 79 тилге которулган. Чыгарманын негизинде тасма тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости