www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда 16-сентябрдан тартып президенттик шайлоого талапкерлердин үгүт жүргүзүшүнө уруксат берилди. 

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы беш талапкерди каттаган. Арасында өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон да бар.

Буга чейин эки саясатчы каттоодон өтпөй калганы маалымдалган.

Демократиялык партиянын өкүлү Саидджафар Усмонзода менен өзүн-өзү көрсөткөн Фаромуз Иргашев жетиштүү өлчөмдө кол чогултпаганы негиз катары көрсөтүлгөн. Усманзода убакыт тардыгын айтып чечимге каршы даттанбай турганын билдирген. Ал эми Иргашев шайлоо мыйзамдарын өзгөртүш үчүн бийлик менен соттошууга ниеттенүүдө.

«Мен шайлоо жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнү талап кылып, Тажикстандын Конституциялык сотуна кайрылам. Бул мыйзамды өзгөртүш керек, себеби ал тажикстандыктардын конституциялык укуктарын тебелеп жатат», - деди Иргашев.

Эске салсак, Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости