www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Куляб шаарында жүк ташуучу унаанын катышуусундагы кырсыктан кеминде 10 адам каза болду. Бул тууралуу 7-августта ТАСС республиканын президентине караштуу өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетине шилтеме берүү менен билдирди.

«Кырсыктын кесепетинен 10 жаран каза болуп, 14 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылды», - деп айтылат маалыматта.

Бир күн мурун Тажикстанда жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей калып бир нече жеңил унааны, андан соң эки турак жайды сүзгөн.

Кырсык болгон жерге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун атынан өлкөнүн Ички иштер министрлигинин башчысы, саламаттыкты сактоо министри жана өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин төрагасы жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости