www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада атайын операция башталгандан тарта Европанын ири делген компаниялары Россиянын рыногунда кеминде 100 миллиард евро көлөмүндөгү акчасын жоготту. Бул тууралуу Financial Times жүргүзүлгөн анализдерге таянып билдиргенин РИА Новости жазды.

Басылманын материалында 176 компаниянын "активдери түшүп кеткени, валюталарды алмаштырууда зыянга учураганы жана Россиядагы бизнесинин кыскарып же жабылганынан улам сатуу иштеринде башка дагы чыгым тартканы" байкалганы айтылат.

Анда Украинадагы чатактан жана Россияга салынган санкциялардан улам энергиянын жана башка продукциялардын баасы көтөрүлүп кеткени эске алынган эмес.

Россия Батыш салган жана аны бир нече жылдан бери улам күчөтүп, улантып келе жаткан санкциялык басымды өлкө көтөрүп кете аларын бир нече ирет айткан. Москванын билдирүүлөрүндө санкциялардын көздөгөн максатка жетпей, ийгиликсиз болуп калгандыгын мойнуна алууга Батыштын эрки жетпей жатканы белгиленет. Батыш өлкөлөрүндө да антироссиялык санкциялар майнапсыз экени бир нече ирет айтылган.

Россия президенти Владимир Путин Россияны ооздуктап алсыратуу Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин айтып келет. Ал белгилегендей, АКШ менен Европанын негизги максаты — миллиондогон адамдардын жашоо шартын начарлатуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости