www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акжол Махмудов Сербияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.

Маалыматка ылайык, Ljubomir Ivanovic Gedza Memorial турнири 5-августта Белградда өттү. Махмудов турнирге 77 салмак категориясы боюнча катышты.

Балбан 1/4 финалдан баштап, анда 2022-жылдагы вице-чемпиону венгриялык Золтан Леваини жеңип алды. Жарым финалда Махмудов Венгриянын дагы бир өкүлү Аттила Тосмагини жеңип, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште дүйнөнүн учурдагы чемпиону Россия чемпионатынын коло байге ээси 27 жаштагы Адилет Тюлюбаевди жеңип алды.

Жыйынтыгында Махмудов 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости