www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандан 50 Кыргыз жараны себепсиз чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тажик тарап өз аракеттерине түшүндүрмө берген эмес. 2-январда Тажикстандан Кыргыз мамлекетине 47 Кыргыз жараны «Карамык-автожолу» өткөрүү пункту аркылуу чек араны кесип өткөн.
Алардын баары Тажикстандын Жергетал районунун тургундары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Тажик жарандыгы бар. Кечээ, 4-январда дагы 3 Кыргыз жараны Тажикстандын аймагынан «Бордөбө-автожолу» өткөрүү пункту аркылуу чыгарылды.
Жогорудагы Кыргыз жарандарынын баары коңшу өлкөнүн Жергетал, Мургаб жана Тоолуу-Бадахшан райондорунда мыйзамдуу жашап жатышкан жана жашап жаткан жери боюнча убактылуу каттоодо турушкан.
Бирок 2-январь жана 4-январь күндөрү тажик бийлик өкүлдөрү 50 Кыргыз жаранына эч кандай себебин түшүндүрбөй, 24 сааттын ичинде туугандары менен коштошууга уруксат бербей, өлкөдөн чыгарып коюшкан.
Булак: NazarNews.kg