www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын чек арасында жайгашкан «Ойбек» өткөрмө бекетинде Өзбекстандын бажы кызматкерлери жана чек арачылары ири партия менен маңзат алып бара жаткан унааны кармашкан. Бул тууралуу Ташкент облусунун бажы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, газ баллондун ичине баңгизат катылган – бардыгы 49 даана жана ал жерден автоунаанын газ багында дагы 31 полиэтилен боо табылган.

Борбордук бажы лабораториясынын адистери ушундай жол менен Өзбекстанга 52,8 килограмм гашиш, 2 килограммдан ашык героин жана 950 грамм синтетикалык баңги заты бар бир түтүк желим алып кирүүгө аракет кылышканын аныкташкан.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости