www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эламан Ураимов тажик аскерлеринин курчоосунда калып, граната менен өзүн жардырып, 5-6 тажик жоокерин өзү менен ала кеткен. Бул тууралуу журналисттерге анын чоң атасы билдирген.

29 жаштагы Эламан Ураимов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылында жерге берилди. Анын артында жубайы, бир кыз, бир уулу калды. Ал үй-бүлөдө жалгыз бала болгон. Эламан Суворов аскердик окуу жайын жана аскер институтун аяктап, Чек ара кызматынын Баткен облустук бөлүгүндө кызмат өтөп келген. Ал капитан, батальондун командири болгон.

«Ал шайыр, боорукер, жоопкерчиликтүү жигит эле», - деп билдирген чоң атасы.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 36га жетти, дагы 129 киши жабыркады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости