www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саат 14:00гө карата Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында абал тынч жана турукташтыруу тенденциясы сакталууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
«Чек ара сызыгында эскалациялоо аракеттери болгон жок, ок атылган жок. Тараптар ок атышпоо жана аскерлерди чыгарып кетүү боюнча келишимдерди сактап, бул багытта иш уланууда. Комиссиялар чек ара аймагындагы кырдаалды басаңдатуу жана эки мамлекеттин ортосундагы чыңалууну азайтуу боюнча биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүдө. Жеринде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тажик оппоненттери менен сүйлөшүүлөрдү улантууда», — деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg