www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 12-мартта, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.
“Манас” эл аралык аэропортунда Тажикстандын президентин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинди, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулду, ардак кароол тизилди.
Улуттук кийимчен кыздар Эмомали Рахмон менен учурашып, ага гүл сунушту.
Мамлекет башчылары кыргыз жана тажик музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы концерттик программаны көрүштү.
Мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 13-мартта, өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.