www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүүлөр кармалды, деп маалымдады 13-мартта Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
12-мартта болжол менен саат 10до «Ак-Кула» ипподромунда Сокулуктун «Бөрүлү» командасы менен Оштун «Бүркүт» командасынын ортосунда көк бөрү боюнча беттеш башталган.
Милициядан билдиришкендей, оюн башталгандан 10-15 мүнөт өткөндөн кийин оюн эрежелерин одоно бузуу менен коштолгон кагылышуудан улам «Бөрүлү» командасынын оюнчуларынын бири аттан жыгылып, эс-учун жоготкон. Оюн дароо токтотулуп, окуя болгон жерге медициналык тез жардам тобу чакырылган. Жабырлануучу 1980-жылы туулган С.М. алган жаракатынан улам ооруканага бара жатып каза болгон. Алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча анда: баш сөөктүн ачык жаракаты, баш сөөктүн сыныгы, маңдай сөөктүн ачык сыныгы, оң көздүн жаракаты (көз чыгып кеткен), мурундун сыныгы жана үстүңкү жаактын сыныгы аныкталган. Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталган.
Милиция шектүү катары командалардын биринин оюнчусу - 1996-жылы туулган А.Ч. жана 1983-жылы туулган Ш. У. аттуу калысты кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Тергөө иштери жүрүп жатат.