www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандык 20 журналист түрдүү себептер менен, анын ичинде бийликтин кысымынан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу ММК өкүлдөрү арасында сурамжылоо жүргүзгөн Тажикстандагы Аял журналисттердин коалициясынын башчысы Мухайё Нозимова билдирди.

Нозимова алар өлкөдөн чыгып кетүүгө эмнелер себеп болгонун билүү максатында сыртта жүргөн кесиптештери менен сүйлөшүп көрүшкөнүн айтты:

— Түрдүү себептер айтылды – бийликтин басымы, сөз эркиндигинин жоктугу, ММК ээлери тараптан журналисттерге колдоонун жоктугу, масс-медиа өкүлдөрүн коргоо боюнча бирдиктүү институттун жоктугу жана маянанын аздыгы.

Бирок өлкөдөгү айрым ММК өкүлдөрү бул айтылган себептер чындыкка дал келбейт деп эсептешет. Көз карандысыз «Миллат» гезитинин башкы редактору Адолат Мирзонун пикиринде, сөз болуп жаткан тажик журналисттери жумушсуз калгандыктан улам башка өлкөлөргө кетишкен.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости