www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 6-сентябрда Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну Кубанычбек Акматовду кармап кеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, Кубанычбек Акматов Кыргызстандын аймагында дары чөптөрдү чогултуп жүрүп Үч-Дөбө айылы тарапка барган.

Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери аны транзиттик жолдо кармап кетип, ага Тажикстандын жарандарына чөп сатууга аракет кылган деген айып койгон. Кармоо учурунда Кыргызстандын жаранынан болжол менен 100 кг альп ферула чөбү табылган.

Маалыматка караганда, жакын арада Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп анда Кубанычбек Акматовду өз мекенине кайтаруу маселеси каралат. Тажик тарап ал ушул күндөрү Дүйшөмбү шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында кармалып турганын кабарлаган. 

Бул окуя боюнча эки өлкөнүн облустук ички иштер башкармалыктарынын башчылары сүйлөшүп жатканы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости