www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын чыгышындагы Тажикабад районунда жер титиреп, ондогон турак-жай зыянга учурады. Очогу Гарм кыштагынан 50 чакырым алыстыкта болгон силкинүүнүн күчү 5 баллга жеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Райондук акимчилик жер титирүүдөн Ширинчашма айыл аймагындагы төрт кыштак көбүрөөк зыянга учураганын билдирип, келтирилген чыгымдар эсептелип бүтөрү менен жашоочуларга жардам берилерин убадалады.

«Биздин тизмеде 50 турак-жай бар. Алардын ичинен 10-12си жарым-жартылай бузулган. Калган үйлөр менен социалдык мекемелердин дубалдарында чоң жаракалар пайда болгон. Бактыга жараша, жашоочулардан эч ким жабыркаган жок», — деди Ширинчашма айылынын башчысы Мусо Мазоков.

Ал ортодо жериликтүү тургундар зилзаладан 200гө жакын үй зыянга учураганын билдиришүүдө. «Азыр үйлөрдүн көбү авариялык абалда. Дубалдары жарака кеткен, урап калышы мүмкүн. Мындай үйдө жашоо өтө кооптуу», — деди Зафар аттуу жергиликтүү тургун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости