www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасынын чечилбей калган аймактарын демаркациялоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, эки өлкөнүн чек ара сызыгынын узундугу 1,33 миң чакырымды түзөт. Советтер Союзу тараган соң анын 20 пайызга жакыны чечилбей калган.

«Чек араны демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкүлдөрү бул жолу бир апта бою сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бирок талкуулар дагы улана бермекчи», — деп айтылат билдирүүдө.

Демаркация — чектеш мамлекеттердин ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик чек араларды аныктоо жана өзгөчө чек ара белгилери менен белгилөө процесси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости