www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйшөмбүдөгү Малика Сабирова атындагы хореографиялык окуу жайдын концертмейстери жана бий мугалими Саида Рустамова президент Рахмондун жылдык кайрылуусу маалында залдан чыгып кеткени үчүн иштен айдалды.
«Окуу жайдын директору Кенжа Иброхимовдун буйругунда «Улут лидеринин кайрылуусун угуудан баш тартканы үчүн иштен алынсын» деп жазылды» - деди Саида Рустамова
«Чындыгында андай эмес. Мен залга киргенде бош орун жок экен. Башка жаман оюм жок эле. Жөн эле президенттин кайрылуусун укканга мүкүнчүлүк жок болуп калды» - деп түшүндүрдү мугалим.
Ал эми окуу жайдын директору Кенжа Иброхимов концертмейстер ишиндеги кемчиликтерден улам жумуштан алынганын билдирди. Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, окуу жайлардын студенттери, мектептердин жогорку класстарынын окуучулары аны угуп-көрүүгө милдеттүү.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 22-декабрда өлкө парламентине жылдык кайрылуусун жасаган. Коңшу өлкөнүн бардык радио жана телеканалдары аны түз ободо көрсөтүшөт. Аны укпай коюуу президентти сыйлабастыкка жатат жана мындай көрүнүштөргө чара колдонулат.
Булак: NazarNews.kg