www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик–кыргыз чыр чатагынан соң кыргыздар Тажикстанга кете турган контрабандалык жолдорду бууп салып, алар бизге тишин кайрап турган убагы. Тажикстандан келе турган азык-түлүктөрдүн жолу жабылып, сабиз 100 сомго чыкканы менен Кыргызстанда деле жер-жемиш бышып калды. Тажикстандык оппозиционер Facebook баракчасына Эмомали Рахмон үй-бүлөсү менен Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданып жатканын жазып чыкты. Кимдер төңкөрүш уюштурууга даярданып жатат? «Үшүгөн табарсыктай» болгон Равшан мырзабы? Ал «Ата-Мекен» партиясына таянып министрге жеткени менен пара менен кармалган. Арийне, жалаа жаап камалгандар соттон акталышса пара алган бул тажик деле акталып алды. Вице-премьер болду, ал жерден жалпайып президентке кеңешчи катары эптеп бийликте жүргөндө тажик кандаштарына жардам бербей калсын. Тагаларына тартып Курсан Асанов аракет кылып жатабы? Ал кыргыз дегенде кырынан жатуучу өтө жигит. Баягы эле биздин «кыргызбай таарынчак оппозиционерлер» тажик президенти Эмомали Рахмондон финансылык жардам алышып, кыргыз бийлигин алмаштырып, чаң - тополоң кылууга даярданып жатышы мүмкүнбү?

Тажикстандыктын президент Эмомали Рахмон үй-бүлөсү менен Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданып жатканынын канчалык чындыгы бар? Буга ишенүүгө деле болбойт. Анткени биздин өлкөдө жарандык коом абдан өнүккөн. Анан баары эле сатылып кетип, тышкы күчтөрдүн эсебинен төңкөрүш кылууга даяр турат деген туура эмес. Ооба, бизде Тажикстанга салыштырмалуу бийлик улам-улам алмашып жатат. Бирок Эмомали Рахмонго жүгүнүп берген чыккынчы даражасына жете элекпиз, кыргыз эли өтө намыскөй эл. Төңкөрүш кылууга элдин нааразычылыгы, ага себептер болушу керек. Бүгүнкү күндө ага эч кандай негиз, тамыр жок.

Тажикстанда жарандык согуш болуп алапайын таппай турганда кыргыз эли жардамга келишип, кошуна катары колдорун сунушкан. «Жакшылыкка жамандык» деген бар. Тажик бийлигинде ич ара ошондой сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Кантип чек арада ызы-чуу болуп жатса мындай сөздөр сүйлөнбөсүн. Бирок мындай пландар болбосо керек. Тажикстанды бир үй-бүлө башкарат. Алардын бизге кол салганы дагы жөн эмес. Алар аяк-быяктан биздин тамырыбызды тартып көрүп жатат. Буга чейин биз аркылуу контрабанда, баңгизаттар өтүп жүргөнү да түшүнүктүү. Алардын өтүүсүнө кайсы кылмыш топтору өбөлгө түзгөн, бийлик ага канчалык деңгээлде байланганы белгисиз. Бирок, алар сөзсүз сүйлөшүүнүн негизинде өтөрү белгилүү. Бизде бийлик алмашкандан кийин Тажикстандын абалы кыйындай түшкөнү анык. Ошондуктан өздөрүнө лоялдуу бийликти алып келип губернаторлор Аскарбек Шадиев, Жеңиш Разаков сыяктуу маңкурттар келишип чек арадан жер берип турушса деп ойлойт да. Мунун баарын эске алсак, анда аларда ич ара бир нерсеге даярдык жүрүп атат. Биз менен көп маселени күч менен чечебиз деген ойлору бар.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 2021-жылдын 28-29-30-апрелинде жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай талкаланып, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш объектиси жарым-жартылай жабыркаганы маалымдашкан.

Эгер тажиктер кайрадан чыр-чатакты баштаса, бизден бир эле жооп болушу шарт, тынчтыкты кааласак, чек арада өзүбүздү бекемдешибиз керек. Экинчиден, биз Тажикстан менен ШКУ, ЖККУ деген бир уюмдабыз, бул уюмдардун лидери Орусиянын Тажикстан тарапка канчалык колдоосу бар экенин билиш керек. Ошого жараша тышкы саясатты өзгөртүү маанилүү.

Кыргызстан менен Тажикстан талаш участоктор боюнча келишпестикте эки башка картаны далил катары алдыга тартып келишкен. Тажикстан 1924–1939-жылдардагы чийилген картага таянып Ворух – бул эч кандай анклав эмес, чуштуюп Кыргызстандын территориясына кирип кеткен биздин өлкөнүн бир бөлүгү, ошондой эле Тажикстандын калган бөлүгү менен байланыштырып турган жол дагы бизге таандык деп келишкен болчу. Ал эми Кыргызстан болсо 1958–1959-жылдардагы картага таянышып картада айтылып тургандай Ворух – кыргыздардын территориясы менен курчалып турган кадимки анклавдын бири, ал айылда кыргыздар менен тажиктер шахмат түрүндө аралаш жашашат деген жүйөөнү алдыга тартышкан. Мындай маселе кошуна жашап чек арасын такташкан ар бир мамлекетте бар. Тажикстанда чек араны тактоо маселелерине алардын оюу ачыктан-ачык эле көрүнүп калды. Алардын тынчтык жолу менен маселе чечүү ойлору жок. Эртең дагы провокация кылып, чатак башташы деле мүмкүн.

Эгер Тажикстан таңуулаган 1924–1939-жылдардагы картаны ошону менен бирге ошо кездеги материал жана документтер боюнча сүйлөшүүлөргө барсак мурдагыдай Ворух анклав болуудан калат. Мындайча айтканда анклав деген аталуудан кутулат. Ворух уркуйуп Кыргызстандын территориясына кирип турган Тажикстандын бир бөлүгү болуп саналып кетет. Тажикстан басмырлап басып келип Ворух аркалуу караөзгөйлүк менен оркоюп биздин территорияга кирип кете албайт, анткени кыргыз калкынын намыстуу экенин сезип калды. Анклавдарга коридор берсек кыргыз айылдары бөлүнүп калышы мүмкүн. Тарыхий процесстерден улам Кыргызстанда анклавдар пайда болсо, Кыргызстандын да кошуна мамлекеттерде анклавы бар. Советтик мамлекет 1917-жылдан кийин чеке ара маселелерин чечкенде кайсы улуттун эли көп болсо ошол жерди ошол улутка бөлгөндүктөн анклавдар пайда болгон. Бул көйгөй СССРдин доорунда эле жаралган. Кыргызстан 1936-жылдан баштап союздук республикалардын катарына кирген. Биздин республика ага чейин автономдуу облус катары Орусиянын курамында болгон. СССР түптөлгөндө ар бир республиканын территориялык чектери өздөрүнө бекитилип берилген.

Тажикстанга караштуу Ворух айылы Кыргызстандын аймагынын ичинде жайгашкан. Бул аймакта 40 миңге жакын адам жашайт. Ворухта төмөнкү махаллялар жайгашкан: Сари-Дашт, Тидон, Кучаи-Боло, Сари-Курум, Гузар, Навобод, Кишлок, Майдон, Сари-Канда, Таги-Махалла, Калъача, Точикон Санг-туда. Махаллялар кичинекей бөлүккө бөлүнүшкөн: Тидон — Кучаи-Кози, Кучаи-Шикори, Мугокига; Гузар — Гузар, Кучаи-Кози, Заровон, Кодонго жана башкалар бар. Буга чейин дал ушул анклав чектеш аймакта бир нече жолу чек ара чатагы орун алган.

Эгер Ворухка коридор ачылса, Кыргызстан үчүн жаңы эксклавдын ачылышын шартташы мүмкүн. Тажикстан Ворух анклавына коридор алууга аракет кылып келет. Бирок ага коридор бере албайбыз. Анткени ортодо Аксай деген айылыбыз бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости