www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында коронавирус боюнча кырдаал курчуса, чектөөлөр кириши мүмкүн. Бул тууралуу аталган калаанын вице-мэри Эмиль Шадыханов айткандыгын муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечээ, 21-июнда, Ош шаарынын мэриясында эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу боюнча штабдын кезектеги жыйыны болгон.
"Учурда Ош шаарындагы абал оор боюнча калууда. Шаардыктарды эл көп чогулган жайлардан алыс болуп турууга чакырабыз. Эгер кырдаал курчуй турган болсо чектөөлөр кириши мүмкүн. Муниципалдык ишканаларда 65 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтөт", — деген вице-мэр.
Ал элди санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырды.
21-июлга карата Ош шаарында коронавируска чалдыккандардын саны 54 болгон. Маалыматта стационарларга кайрылган жарандардын саны суткасына 700гө жетип жатканы айтылды.
Кыргызстанда акыркы мезгилде коронавирус жуктургандар көбөйүп жатат. Алдыдагы эки жумада ооругандардын саны кескин көбөйө турганы божомолдонду.
Булак: NazarNews.kg