www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Апта башында “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү жана юристтери маалымат жыйын өткөрүп, Өмүрбек Текебаев президентке талапкерликке өзүн-өзү жылдырганын жарыялашты.
Эрежеге ылайык, талапкер катарында анын документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышты. Эми, кызыктын баары алдыда күтүүдө. Шайлоо мыйзамдары боюнча талапкер документтерин БШКга тапшыргандан кийин он күндүн ичинде кыргыз тилинен сынактан өтөт. Сынак түз эфирде болоору да белгилүү. Текебаев талапкер катары абакта отурабы, же эркиндикте жүрөбү, мыйзам алдында айырмасы жок, эң башкысы соттоло элек болгондуктан, мамлекеттик тилден сынакка катышат. Түз эфирде Текебаев эмнени айтаарын эч ким билбейт.
Сынактын шарты боюнча, талапкер программасын кыргыз тилинде жазып, баяндап берүүсү керек. Кокус, программасы тууралуу айтып атып, “Коррупцияны түп-тамыры менен жоймойунча, мамлекет өнүкпөйт”,- деп барып, бийлик төбөсүндө отургандардын кылыктарын бирден санап баштасачы? Же, эл-журттун коопсуздугун камсыздоо бийликтин башкы милдети экенин кеп кылуу менен Дача СУ айылында кулаган учактын тарыхын баяндап кирсечи? “Ата Мекендин” лидери шахматтын жүрүшүн беш колундай мыкты билген, көсөм инсан экени талашсыз. Түз эфирди же, токтотуп коё алышпаса, бийлик кандай арга кылат?
Жакында, “Парламент” радиосунда пленардык жыйында катуу кеп айта алчу депутаттар жарыш сөзгө чыкканда Асылбек Өзүбековдун “Нөл, бир, ало, мен күйүп барам, мен өрттөнүп барам” ыры жаңырып турду. Текебаевдин да “кыйшайып” бараткан кептеринен Өзүбековдун ырлары менен коргонушабы? Саясатчынын документтерин кабыл албай коюуга БШКда негиз жок. Конституцияда “ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу” деп турат. Каттабай коёлу дешсе, кашайып сынак каттоонун алдында болуп атпайбы.
Абакта үч айга жакын убакыттан бери отуруп буулугуп калган Текебевдин айтчусу да толуп аткандыр. “Жоо чаап кеткен соң, кылычыңды ташка чап” демекчи, айтаарын айтып алгандан кийин, каттабай коюу элдин нааразычылыгын күчөтөөрү бышык.
Анын үстүнө, чындык кептин дайынын билип алган коомчулук адилетсиздикке андан ары чыдап, карап тура албаса керек.
Айтор, БШК бул жагдайдан кандай айла таап кутулат? Мыйзамды аткарып, Текебаевден сынак алабы, же бийликтин жетегинде дагы бир “укмуштуу” ыкма таап чыгабы?
Баса… Ушу тапта БШК билдиргендей, тил сынагы талапкерлер катталууга документтерин тапшыргандан кийин канча күн ичинде өтүшү керектиги тактала элек. БШК мүчөсү Гулнара Журабаеванын өкмөткө жолдогон тил сынагы боюнча күн тартибин түзүү сунушу да колдоо тапкан эмес.
Мыйзам шарты боюнча, БШК он күн ичинде талапкерди катташы керек. Ал адам ушул аралыкта сынактан өтөт. Текебаевди тил сынагына катыштыруу боюнча да жагдай белгисиз бойдон турат.
Маалыматка караганда, талапкерлер тил сынагын тест түрүндө Улуттук тестирлөө борборуна келип, тапшырыш керек. Алар өз учурунда жабдууларын УКМК абагына алып бара албайт, техникалык жактан мүмкүнчүлүк жок. Эгер талапкер тил сынагына катышпаса, катталбайт. Конституция боюнча соттолбогон ар бир атуулдун талапкер болуп катталуу укугу бар.
Булак: “Майдан.kg”