www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Өмүрбек Текебаев «Азаттык» радиосунун эфиринде саясий сырды ачыктап койгусу келгенин айтып, эмне үчүн парламенттик шайлоонун мөөнөтү жылдырылганын ачыктады.

«Мен айтпай жүргөн саясий конъюнктуралык секретти айткым келет. Эмне үчүн 20-декабрдагы парламенттик шайлоо мартка же апрелге жылдырылды деген суроо туулат. Эгерде 20-декабрда шайлоо болсо Жапаровчул, Ташиевчил күчтөр 120 депутаттын 100 мандатын алмак, Жээнбековдой болуп. Бирок Жээнбековдон бир айырмасы болмок, эл колдомок, революциядан кийинки эйфория, баары колдоп, «Мекенчил», «Ата Журт», дагы бир жандоочу партия менен 100 депутатты алып келмек. Алар каалаган Конституцияны алып бериши мүмкүн эле. Ошон үчүн Конституцияны 7-чакырылыштын депутаттары кабыл алып берсин дегенге макул эмесмин. Мен ошол партиялардан кимдер келет тизмесин да билем. Бүгүнкү чимкирик парламентке караганда ал парламент алда канча жаман болуп калышы мүмкүн эле. Кепилдик жок.

Урматтуу коллегалар, Мирлан (депутат Мирлан Бакиров), мен баарыңарга айтам, кол кой деп алып келгенди окубай туруп кол кое бергенибиз уят. Балдарыбыз, кыздарыбыз бизди сындабагандай болсун. Акыркы алты айды татыктуу, жүзүбүз жарык болуп, жок дегенде чимкирик деген аттан кутулуш үчүн принципиалдуу иштеп койбойлубу. Иштеп эмес, принципиалдуу туруп эле беришибиз керек. Бизден иш деле каалашкан жок, иш кылсак бузасыңар деп жатышат. Жөн эле туруп бергиле, лишний кол койбогула, лишний добуш бербегиле», - деди Текебаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости