www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев күн тартип маселелери каралаардын алдында билдирүү жасоо үчүн 10 мүнөт убакыт берүүнү суранды.
Анда вице-спикер Мирлан Бакиров «добуш берүүнү бүтүрүп, күн тартибин кароого өтөбүз» деп билдирди.
«Күн тартибинде биринчи добуш берүүнү бүтүрүп, андан кийин күн тартибине өтөбүз. Добуш берүү учурунда талкууга жол берилбейт», - деди ал.
«Фракциялар жыйында билдирүү жасаганга кепилденген укугу бар. Мен талкуу иретинде сөз сураган жокмун. Мен бүгүнкү маселе каралаарда билдирүү жасоо үчүн убакыт сурадым.
Мен талкууга катышайын деген жокмун. Фракциянын укугун чектебеңиз. Фракциянын укугу Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагында да чектелген эмес. Эмне бүгүнкүлөр чектеп коёюн деп жатабы?», - деди Текебаев.
Булак: NazarNews.kg