www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 29-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго карата козголгон иш боюнча отурум болгон жок. Бул тууралуу соттун басма сз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга Текебаев келбегени себеп болду.

Өмүрбек Текебаев “Азаттык” радиосуна сотко барбаган себебин дарылануусу уланып жатканы менен түшүндүрдү:

“Мен эки жумадан ашык убакыт ооруканада жатып, ушул аптанын башында чыктым. Дагы эки жума үй режиминде дарыланам. Андан кийин обсервацияда болушум керек”.

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш райондук сотто кайра каралууда.

Кийинки отурум 3-августка белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости