www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаев тескери

Абактан чыккан саясатчы Өмүрбек Текебаев өткөн жумада «Ата Мекен» партиясынын кезектеги съездин өткөрдү. Анда партиясынын келечек максаттары тууралуу кеңири божураптыр. Аны менен бирге бүгүнкү бийликке, анан өкмөткө болушунча кашынып, коңшу Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиеевдин президенттик ишмердүүлүгүнө суктанып олтурганын жашырбай айтып, Текебаев бул сөзү менен өлкө президентине сөйкөнүптүр. Ыя, айланайын Өзбекстанда президенттик башкаруу болсо, бизде парламенттик башкаруу болсо, аны кантип салыштырууга болот. Же буга Өмүрбек Текебаевдин акылы жетпейби? Ушул системаны өзү түзбөдү беле. Анан элдин башын айланта береби Чиркешович! Кайрадан саясатка келүүнүн жолун издебей, «крит» кеткенден кийин жөн жатпайбы жарыктык,-деп жазып чыкты "Мантыш" гезити бүгүнкү чыккан санында. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости