www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтымыштан ашканын билдиргиси келбей, жашаргысы келген кайран Өмүрбек Текебев көпчүлүккө дагы бир жолу күлкү болду. Бул тууралуу Фейсбуктагы Арена.KG тайпасы жазып чыкты. 
Жакында эле “Азаттык” радиосунан анын электораты жаштар экенин жар салды. Ал өзүн козголоңчу катары сыпаттап, баррикадаларга чейин кирип, ар дайым митингдерде жүрөрүн айтып, жаштарга жакындыгын билдире албай чебелектеди. “Романтизм менен максимализмдин мындай образы жаштарга жакын”, - дейт Текебаев.

Анткен менен 2010-жылдагы Апрель окуясы маалында баррикадага кантип “киргенин” көрдүк го. Ала-Тоо аянтына кортеждин коштоосунда келип, бирок снайперлер аны эле карап тургансып, машинеден чыгууга духу жеткен эмес. Анан бат эле аянттан кетип калган. Анан Акүйдү штурмга алып жаткан демонстранттарга кантип дем бермек эле. Анын жаштарга “жакындыгы” ошентип билинген.

Ал окуядан бери 10 жыл өтүп кетиптир. Кечээги эле “Реакция” кыймылынын митингине кыпчылууга аракет кылып, жаштарды “колдоо” аракетине элдин баары күбө болушту го. Андагы жаштар аны кызылдай эле кууп чыгып, жаштар анын электораты эместигин эсине салып коюшкан эле. Бирок Текебаев образ тууралуу чындыкты айтты. Анткени ал ар дайым ар кандай образдар менен кубулуп келген. 90-жылдары ошол кездеги СССРдин урашы менен коммунизмге каршы чыгуу модага айланган. Ошондо режимге каршы күрөшүүнүн образында болгон.

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин коомчулук саясий өзгөрүүлөрдү катуу талап кылып жатканда Текебаев дароо конституциялык реформатор болуп, жүзүн өзгөртүп чыга келди.
Азыр болсо “жаштар бийликке” деген трендди байкаган кайран Текебаев жаштардын романтикалык лидеринин образына кирүүгө жандалбастап турган чагы.

Ошентип Текебаевдин кырдаалга жараша алмаштарып кете бере тургандай көптөгөн беткаптары бар. Бирок анын чыныгы жүзү эски, чарчап-чаалыккан куу түлкүнүн образында экени көрүнүп эле калды. Кырдаалга жараша кандай өзгөрүп келсе дагы булаңдаткан куйругу менен, куу тили билинип турат. Андан көрө Текебаев жашарганды коюп, тынч эле неберелерин багып, аларга өзүнүн дуулдаган турмуш жолун жомоктотуп айтып берип, жөн эле отурса жарашмак. Баса, эрдик менен эркектик кылып Текебаев жоголуп кеткен Баш мыйзамды таап берип койсо бетинен беш эмес беш жүз беш жолу өбөлү деп ойлоп турабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости