www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ө. Текебаев 31-июлда «ден-соолугунун начарлап кеткенине байланыштуу» делип борборубуздагы М. Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылган. Андан соң бир топ дарыгерлердин катышуусундагы консилиум чыгып, Текебаевдин ден соолугунда күрөө тамырдын, жүрөк кан тамырларынын атеросклерозу, карынча үстүндөгү экстрасистологиялык артимия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору гипортения, түйүндүк богок, эутериоз сыяктуу медициналык терминдер оголе көп айтылган диагноз чыгарылган эле. Эми кечээ жакында аны онкологиялык ооруканага алып барышты. Калкан безиндеги шишикти алуу тууралуу операцияга даярданышып. Бирок Текебаев азырынча ал операцияга макулдугун бере элек дешет.
Өткөн ишемби күнү дарыгерлер кайрадан кеңешмеге чогулуп, «анын омурткаларында көйгөй бар экен» дешип учурда Ө. Текебаевди неврология бөлүмүнө которушту. Ылайым сакайып эле кетсин, бирок жогорудагы диагноздорду окуп олтуруп чын эле бу кишинин дегеле соо жери «калбай калганбы» деген ой келет экен?
Булак: "Айгай"