www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2016-жылдан июль айында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы иликтөөнүн негизинде 2011-жылдан 2015-жылга чейин “Манас” аэропорту аркылуу 170 млн доллардан ашык каражат Россия Федерациясына алып чыгып кеткендигин аныктаган 
http://finpol.gov.kg/…/legalizatsiya-otmyvanie-prestupnyh-d…

Иликтөөнүн жүрүшүндө 2011-2013 – жылдар аралыгында “Манас” аэропорту аркылуу Финансы министрлигинин кызматкери (2004-2016) Нурзат Джалалов 70 млн доллар жана Мирлан Кольбаев аттуу жаран 2011-2015 – жылдар аралыгында 100 млн доллар акча каражатын мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып кеткендиги белгилүү болгон. Мындан сырткары, кылмышка шектүү эки жаран фамилияларын да өзгөртүүгө жетишкен. Өзгөрүүдөн кийин, Джалалов – Халилов, ал эми Кольбаев – Курмангалиев болуп алмашкан.

Жогорудагы фактыга ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 180 (мыйзамсыз ишкердик кылуу), 183 (Мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарды ) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кызыктын баары иш сотко өткөндөн кийин башталат...
УД-1272/16.Б3 – сандуу кылмыш ишин карап жаткан Биринчи май райондук сотунун судьясы Каипов Эмилбек оор кылмыш экендигине карабай, 100 млн доллар акчаны өлкөдөн сыртка алып чыгууга шектелип жаткан Мирлан Кольбаевди - Курмангалиевди “үй камагына” бошотуп 
жиберет.

Финансы министрлигинин мурдагы кызматкери, 70 млн долларды алып чыгып кетүүгө шектелип жаткан Нурзат Джалалов-Халиловду Биринчи май райондук сотунун дагы бир судьясы Термечиков Мирлан “үй камагына” бошотот.
Тактап айтканда, судьялар Каипов Эмил жана Термечиков Мирлан 170 млн доллардын башын жеген кылмышка шектүүлөрдү бошотуп жиберген.
http://delo.kg/…/9943-akh-kakie-dengi-gulyayut-v-kyrgyzstane

Тагдырдын тамашасы менен так ушул эки судья оппозиция лидери, жалган жалаа менен камалып жаткан Өмүрбек Текебаевдин ишин карашкан. 100 млн долларды жок кылган кылмышка шектүүнү бошоткон судья Каипов Эмилбек Текебаевди эки айга камакка алган. Эки айдын ичинде бийликтин кошоматчылары Текебаевдин күнөөсүн далилдей албай тергөөнү узартууну соттон суранышат. Бул “заказды” 70 млн долларды кымырган шектүүнү бошоткон Термечиков Мирлан аткарган.

Текебаевдин ишин репутациясы таза соттор карабай, жогорудагыдай коррупцияга мойнуна чейин баткан, өз ысымын булгап бүткөн, орустар айткандай “конченый” соттор карап жатат. Мындай соттор үчүн адилетсиз чечим чыгаруу катардагы көрүнүш болуп калган. Коррупцияга малынып, бийликтин саясий “заказдарын” кынтыксыз аткарган киллер соттордон да арылчу күн алыс эмес. Атамбаев 5 айдан кийин кетет! Атамбаев кеткен соң, силер менен эсептешчү, мыйзам алдынча жооп берчү күн тууралуу ойлонгула...

Бул тууралуу пикирин Нуразиз Шайырбек жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости