www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин кайсы ооруканага чыгып дарыланары аныктала элек. Учурда бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын бүгүн, 27-январда Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады.

Аталган кызмат Өмүрбек Текебаев­дин ден соолугун Бишкектеги ооруканалардын бирине алып чыгып текше­ре турганын, мындай чара мекеменин иш планына киргизилгенин 23-январда кабарлаган.

Буга чейин Бишкектеги №47 абакта жаткан партия лидерин кардиолог жана эндокринолог текшерип кеткен. Алар кошумча анализ тапшыртып, “дагы тиешелүү аппараттар менен текшерүү керек” деген бүтүм чыгарышкан.

Саясатчынын кызы Ай-Данэк Текебаева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына атасынын буга чейин да бир нече ирет дарыланганын, операция болгонун белгилеп, ден соолугуна байланыштуу ага дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранып жазды.

Былтыр 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эки саясатчы “орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган” де­ген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куутунтук катары баалап жүрүшөт.

Он чакты депутат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине Текебаевди кадимки ооруканага которууну өтүнүп, 11-декабрда кайрылуу жиберген. Экс-депутат менен абакта жолугуп чыккан саясатчылар Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жатканын байкаганын билдиришкен.

Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.

Булак: “Тамчы” 

Последние новости