www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев отурган №47 колониянын камерасынан видеокөзөмөл алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.

Видеокамера мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун видеокөзөмөлдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн караштырып чыгуу тапшырмасынан кийин эле алып салынган. Өмүрбек Текебаев отурган бөлмөгө видеокамера коюлганы тууралуу 29-январда белгилүү болгон.

Анда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы муну коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн. Анткени менен укук коргоочулар жана абактагы саясатчы өзү да мындай аракетти кескин сындаган. Текебаев күндүр-түндүр коюлган видеокөзөмөлдү психологиялык кысым катары сыпаттаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости