www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаардык кеңеште президиумдун жыйыны өттү. Ага борбор шаардын мэри Айбек Жунушалиев да катышкан. Бул тууралуу кактус медиа жазып чыкты.

Жыйындын жүрүшүндө Кадыр Атамбаев Өмүрбек Текебевге кол салган күнү топ болуп жүргөндөргө ким муниципалдык авттобустарды бөлүп берген деп мэрден кызыгып сурады.

Шар башчысы авобустарды ШИИБ бөлүп берген, деп жооп берди.

"Топ жигиттерге эч ким автобус берген эмес. ШИИБден расмий телефонаграмма келген, анда коомдук тартипти сактоого жеке курамды ташуу үчүн транспорт керек деп айтылган. Ооба мындй иш болгон. Бирок автобустарда белгисиз жарандарды ташышкан деген далил эч жерде жок. Автобус менен милиция кызматкерлерин жеткиришкен", - деди Жунушалиев.

Эске салсак, 1-декабрда белгисиздер саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салышкан. Кол салгандардын бири телефонун тартып алды деген маалымат тараган. Саясатчынын айтымында, алар бийликти сындоону токтот деп талап кылышкан. Саясатчы бул көрүнүштү саясий террор деп атап, президент Садыр Жапаровдон кол салууну буюрткандарды жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости