www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандык укук коргоочулар аскерге чакыруу расмий түрдө 30-ноябрда аяктаганы менен өлкөнүн ар кыл аймагынан уландарды армияга алып кетүү учурлары уланып жатканын билдиришүүдө.

"Бизге Хоженттин жана Тажикстандын башка шаар, райондорунун жарандарынан билдирүүлөр келип түшүүдө. 6-декабрга чейин аскер курагындагы жигиттерди аэропорттордон кармап, күч менен аскер комиссариаттарына алып барышкан. Биз аскер комиссариаттарынын кызматкерлеринин бул аракеттерине каршы арызданууга ниеттенип жатабыз", - деди "Жарандык эркиндик кеңсеси" коомдук уюмунун жетекчиси Дилрабо Самадова.

Тажикстанда аскерге чакыруу кампаниясы 30-ноябрда аягына чыккан. Өлкөнүн Коргоо министрлиги күзгү чакыруудан кийин өлкөдө жазгы чакырууга даярдык көрүлүп жатканын билдирди.

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Фаридун Махмадалиев "Аскерде кызмат өтөөгө чакыруу жөнүндө" жаңы мыйзамга жана шаар, райондордун төрагаларынын чечимине ылайык, мындан ары аскер курагындагы жарандар тизмени жаңылоо үчүн жыл бою комиссариаттарга чакырыларын айтты.

"Маселен, эгер кимдир бирөө аскердик комиссариатка январда чакыруу алса, ал ошол эле айда армияга жөнөтүлөт дегенди билдирбейт: комиссариатта ал каттоодон гана өтөт", - деди Фаридун Махмадалиев

Бирок буга баары эле ынана берген жок. Укук коргоочулардын пикиринде, эгер план толбой калса, каттоодон өткөрүү шылтоосу менен бийлик аскерге чакыруу кампаниясын уланта бериши мүмкүн.

Жаңы мыйзам менен быйыл Тажикстанда альтернативалык негизде аскердик кызмат өтөө тартиби да киргизилген. Ага ылайык, армияда кызмат өтөөнү каалабаган өспүрүмдөр мамлекетке 25 200 сомони (2,2 миң доллар) төлөп, бир ай кызмат өтөгөндөн кийин аскердик билет ала алышат.

Тажикстанда 18 жаштан 27 жашка чейинки жарандар аскерге чакырылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости