www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоодо, шайлоочуларыбыздын жүрөгүндө дагы бир «кара такты» калтырдыңыз. Мындай пикирин саясатчы Жылдыз Жолдошова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Өтө өкүнүчтүү...

Садыр иним, мен Ошто бүтүндөй кыргызстандыктардан, о.э. жердештеримен калың элдин алдында Президенттик тактыга, Сизди колдоп коюсун суранганымда эбегейсиз Сизге болгон ишеним менен сүйлөгөн элем.

Садыр Жапаров, эч качан мурунку Президенттердин катасын кайталабайт деп. Президент болуп официалдуу кызматыңыздын бир жылдык мөөнөтү бүтө электе, Садыр Нургожоевич элиңиздин жүрөгүнө кечирилгис, өчүрүлгүс, керек болсо тарых да чийип таштай албаган эки кара тактарды калтырдыңыз.

Биринчиси,  Баткен окуясы аркылуу, элиңиздин жүрөгүндө түбөлүккө «кандуу кара так» орун алды...

Экинчиси, 28-ноябрь 2021-жылы өткөн Парламенттик шайлоодо, шайлоочуларыбыздын жүрөгүндө дагы бир «кара такты» калтырдыңыз. Колуңардан келгениңерди кылгыла, биз каалаган гана партиялар Жогорку Кеңешке келет деп, текеберчиликтин туу чокусун көрсөтүп, «нагло» добуштарды каалагандай бурмалап.

Кандай актанбагыла, добуштар бурмаланды... Ишенич, үмүт жарым жартылай сынды...

Өтө өкүнүчтүү. Тилекке каршы, биринчи «кандуу кара такты» оңдой да, калыбына да кайра келтире албайсыз. Бирок, экинчи «кара такты» дагы да кеч эмес, оңдосоңуз болот. Ал үчүн, Садыр иним саясий эркти көрсөтүп, кайра шайлоону өткөрүңүз.

Ошондо гана, элибиздин ишенимин, үмүтүн кайра жандандыруу менен, мамлекеттин аброюн сактап, Өзүңүздүн жүзүңүз да жарык болот. О.э. өлкөбүздө саясий стабилдүүлүк толук кандуу орноп, алдыга жылууга жол ачылат.

Чын дилимен, ак ниет оюм менен, жүрөгүмөн чыккан сөздөрдү Садыр иним, дагы бир ирет Сизге жолдодум. Бул менин, эжелик парзым. Ал эми «чечимди», Сиз гана кабыл аласыз, бирок айтып коёюн өтө ойлонуп, чечим кабыл алыңыз.

Анткени, Сиздин чечимиңизге жараша, Кыргызстандын жаңы барактары  ачылат, ал «кандай барактар болот?» - кеп ошондо. Сизди урматтап, Жылдызкан Жолдошова эжеңер», - деп жыйынтыктаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости