www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Телефон эркектердин ооруга чалдыгуусуна алып келет

Кыргызстанда эркектер арасында аденома, тукумсуздук, рак илдетине кабылгандар көбөйүп, оору жашарып баратканын дарыгерлер эскертүүдө. Көбүнчө эркектер дарыгерге кайрылбагандыктан, ооруну алдын алууга да мүмкүн болбой калат. Мунун кесепеттери үй-бүлөдөгү бейпилдикке жана улут генофондуна терс таасирин тийгизүүдө.

 Кыргызстанда эркектердин простата без шишигинен жабыркагандардын курагы барган сайын жашарууда. Мурда 60-70 жаштагы улгайган адамдар кайрылса, азыр 20-30 жаштагы уландар да бул илдетке чалдыгып жатат. Дисгормоналдык баланс деп коёт. Гормон азайып кеткенде, шишик пайда болот, ошондон биздин эркектер эрте бузулуп жатат. Туруктуу жыныстык жашоо жок. Инфекция сыяктуу факторлор көп. Тамак-аш, жашоо-шарты, кылган жумушу - баары ушул ооруга алып келүүдө. Бул ооруга эркектердин 20-25% чалдыгып жатат.
Абанын бузулганы өзгөчө эркектердин саламаттыгына аябай зыян. Ошондой эле тамак-аш, чылым чегүү, спирт ичимдигин ичүү дагы эркектерди тукумсуздукка алып барат. Ушу тапта Кыргызстандагы эркектердин арасында бөйрөк, заара жана жыныс органдарынын илдеттери жалпы оорулардын ичинен алдыңкы саптарга чыкты. Азыркы кезде телефонго көп көңүл бурулуп жатат. Анын да көп зыяны бар эркектин касиетине. Кичинекей балдар кармап отуруп телефон көрүп жатат. Электромагниттик толкундардан зыян алып жатат. Жүрүп отуруп жумурткадагы сперматазоид чыгарган клетка өлүп калат. Жумуртка, экинчи жагынан, психологиясы бузулуп жатат. Мындайча айтканда, биз өзүбүздү өзүбүз талкалап атабыз. Тамеки, насвай мода болуп кетти. Ал бир гана рак оорусунан сырткары потенцияны (жыныстык турмушка жарамдуулукту) бузат. Телефон, инфекция, тамеки, насвай - баары айланып келип потенциядан өтүп, өзүн өлтүрүп атат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости