www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Кытайдын интернетине кошуларын билдирди

Тажикстан Кытайдын телекоммуникация түйүндөрүнө кошулуу чечимин тоолуу өлкөдө интернет менен камсыздоону жакшыртуу максатында кабыл алганы кабарланды. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда акыркы жылдары жалпы эле Борбор Азияда Бээжиндин таасири күчөп баратат.

Коңшу өлкөдө дүйнөлүк маалымат желеси эң солгун тараган. Трафик мамлекеттик монополист аркылуу борбордон өтө. Мамлекеттик "Ховар" агенттиги кабарлагандай, долбоор баш калаа Дүйшөмбүнү Кытай менен чек арада турган шаарды байланыштырган автомагистрал долбоору менен катар ишке ашат. Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, 2017-жылы Тажикстандын калкынын 22% гана интернет колдонгон. Мунун себеби деп тоолуу жакыр өлкөдө байланыш тарифинин өтө кымбат экендиги көрсөтүлгөн.

Ошондой эле коңшу өлкөдө жарандардын интернет автивдүүлүгү катуу көзөмөлдө. "Чек арасыз кабарчылар" уюму негизги жаңылыктар сайттары жана социалдык платформалар дээрлик такай бөгөттөлөрүн билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости