www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уурулук негизинен үйдү кароосуз калтырган учурда катталат. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  уурулардын баары бирдей ыкма колдонушат: кулпуну бузуп кирет; кошумча ачкыч жасатып алат; алдыңкы эшикти талкалап кирет; терезеден түшөт.

 Бул жаатта Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы бир катар пайдалуу кеңештерди сунуштайт: Үйдөн кетердин алдында бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз; видеокөзөмөл орнотуңуз; эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу түтүктөрүнүн жанында болсо, анда терезени темир тор менен каптаңыз; жакшы мамиледе болгон кошуналардан батирдин эшигинин бүтүндүгүнө көңүл бурууну, керек болсо чала турган байланыш телефондорун калтырууну сурануу керек; Батирдин ачкычтарын килемдин астына, электр тогуна же башка шарттуу жерлерге, айрыкча эшиктин жанына калтырбаңыз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости