www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Телефон номерден акча которуу канчалык деңгээлде кооптуу?

Телефон номер аркылуу акча которуунун кооптуулугу тууралуу "Прайм" агенттигине Urvista юридикалык компаниясынын башкы директору Алексей Петропольский айтып берди.

"Биринчи кезекте жарандар уюлдук телефондон акча которууда сандардан ката кетирип алышы мүмкүн, каражат башка жакка түшүп калат. Кайра аны кайтарып алуу дагы оңой иш эмес, себеби акча бат которулуп кетет", — деп айтылат маалыматта.

Адис белгилегендей, эгерде ката кетирип алсаңыз, банкка кат жазуу зарыл. Ал жактагылар туура эмес акча которуулар жөнүндө маалыматты эсептин ээсине жөнөтөт.

Кырдаал андан дагы татаалдашып, каражат түшүп калган киши аны кайтарып бергиси келбесе, укук коргоо органдарына же сотко кайрылганга туура келет.

Ошондой эле телефон номер байланыштырылган банк банкротко учурап, лицензиясы жокко чыгарылып же кардар андагы эсебин жапкан учурлар болушу мүмкүн.

"Акча эсептен чыгарылганы менен сиз жиберген адам аны албайт. Муну банктан тактоо керек. Бирок каражат кайтарылат деген кепилдик жок. Эсепти жаап салса деле болот, бирок акчаларды алуу үчүн банк менен байланышта болуу керек", — деген Петропольский.

Андан сырткары, шылуундар бирөөнүн номерин кайрадан каттатып алуу менен акчаны шыпырып кетерин кошумчалаган. Бул көйгөйдү укук коргоо органдары аркылуу гана чечүү мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости