www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандагы  жардырууда 20 адам каза болду

Ооганстандын борборунда полиция бекетинин жанында автоунаада болгон жарылууда кеминде 20 адам каза болду.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Тарик Ариан 18-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00 чамасында Гор провинциясынын борбору Фироз Кох шаарында полиция бөлүмүнүн жанында бомба коюлган автоунаа жарылганын билдирди.

Ошондой эле Гор полициясынын өкүлү Абдул Маареф Рамеш жардырууда карапайым адамдар да өлгөнүн билдирди. Буга чейин мындай окуялар үчүн "Талибан" кыймылы айыпталып келген. Кол салуу үчүн азырынча бир да топ жоопкерчиликти ала элек.

Белгилей кетсек, Гор - Ооганстандын эң жакыр жана туруксуз аймактарынын бири.

Эске салсак, бул жардыруу "Талибан" менен ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү Катардын баш калаасы Дохада өлкөдөгү 19 жылдык согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости