www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Екатеринбург шаарында жайгашкан Уктусс пансионатында мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарды психологоиялык ооруканага жаткыруу коркунучу менен күч колдонуп стерилдөөдөн өткөргөндүгү тууралуу Baza телеграм каналы жарыялады.  

Жабыркаган аялдардын айтымына караганда доктурлар аларды ооруканага вакцина жасоо жүйөөсү менен алып келишкен. Бирок, жеринде жабырлануучуларды күч колдонуу жолу менен стерилдөөдөн өткөрүшкөн. Мындай жол менен 10 аял жабыркаган.  

Bazaнын айтымына караганда, мындай процесстен өткөн айымдардын бири көз жумган. Жабырлануучунун туугандарынын айтымына караганда, маркум пансионатта башынан өткөргөн операциядан кийин катуу ооруп жүргөн. Ошондой күндөрдүн биринде ооруга чыдай албай калган бечара көз жумган.

Свердлов облусунун социалдык саясатынын министрлиги бул ишке байланыштуу тергөө иштери башталганын билдирди. Бирок, алардын айтымына караганда буга  чейин пансионатка карата эч кандай арыз түшкөн эмес. 

“Көпчүлуккө таркаган видеодо тарых 2008-жыл экенине көңүл бурууңуздарды суранабыз. Окуя болгондон бери кыйла убакыт өтүп кеткендигине байланыштуу иликтөө иштери да узун убакыт алышы мүмкүн”- дейт министрлик.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости